Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жоон үн менен даркырап катуу сүйлөө, катуу үн чыгаруу, ыйлоо. Дарылдап катуу сүйлөгөн адам. Эмгектин эр бозою дарылдатып, Бузду дың, трактору түтүн чачып (Турусбеков). Кичинемде дарылдап ыйлаак болуптурмун («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. издавать треск (напр. о разрываемой бумаге, материи);
дарылдап айрылып кетти с треском разорвалось;
2. перен. орать (на басовых нотах);
дарылдабай басыл перестань, не ори, успокойся.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үнүн жоон, катуу чыгаруу, баркыроо, дар-дар этип катуу үн чыгаруу. Дарылдаган үн чыгары менен: – О жолдоштор, эркек, журт – деп Чаргын кубанып кеткен (Сыдыкбеков). 2. Даркырап бакыруу, бар үнү менен бакырып ыйлоо. Кичинемде дарылдап ыйлаак да болупмун. 3. Кездеме же кийим айрылганда же сөгүлгөндө чыккандай дар-дар этип катуу дабыш чыгуу. Дарылдап айрылып кетти.