Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чоң агын суу, чоң өзөн. Дарыянын шаркыраганы Касейиндин үнүн угузбай кетет (Сыдыкбеков). Одер дарыясынан бирге өтүшкөн жоокерлер күлүмсүрөшүп бирин-бири карашты (Сасыкбаев). 2. өт. Мол, түгөнгүс, эң көп. Илим деген дарыя, Кече албасаң агасың («Жазгыч акындар»). Жолбашчыбыз партия, Акылы мол дарыя («Жазгыч акындар»).