ДАРЫ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ооруларды айыктыруу, дарылоо, алдын алуу жана ооруларды болтурбай коюу максатында жасалган зат. Ооруп жүрөм. Азыр эле дары ичтим (Каимов). Ким деген доктор дарылады, кандай дары берди? (Бейшеналиев). Апы деген бир дары, Акыректин түбүнө, Азыр сыйпап алды эле («Эр Төштүк»). 2. өт. Даба, айла, амал, себеп. Билсең, Кычандын дарысын таптык (Бейшеналиев). Каарым келип какайдым, Казыр табам дарысын («Эр Төштүк»). Тапсаңчы жүрөк дарысын.