ДАРЫМДАР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015адаб. Адам ооруганда, аны жылан же кара курт чакканда, башка бир кеселге же кырсыкка дуушарланганда айыктыруу же ууну, дартты чыгаруу үчүн атайын дарымчы адамдар тарабынан аткарылчу ырлар. Жылан чакканда айтылуучу дарым: «Кереч, кереч, кер жылан, Керегедей бир жылан. ...Чоң атаңда доом бар, Доолашайын бери чык. ...Ажыдаардай ак жылан, Арбашайын бери чык!» (Элдик ыр).