зат.1. Уруктоо, мөмө байлоо, чаңдашуу процесстери жүрүүгө ыңгайлашкан ар кандай түстөгү желекчелерден, аларды бириктирген чөйчөкчөдөн ж. б. турган өсүмдүктүн өрчүү органы. Гүлдөн бал тарткан аарылар. 2. Ушундай өрчүү органы болгон өсумдүк. Гүл өстүрүү. Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип Жакаңдагы кызыл гүлдөн жыттадым (Мидин).
3. Кездеменин же башка буюм-теримдин бетине түшүрүлгөн түр, ар кандай өң.
1. Уруктоо, мөмө байлоо, чаңдашуу процесстери жүрүүгө ыңгайлашкан ар кандай түстөгү желекчелерден жана аларды бириктирген чөйчөкчөдөн ж. б. турган өсүмдүк. Гүлдөн бал тарткан аарылар. 3. Ушундай өрчүү органы болгон өсүмдүктүн гүлү. Алма гүлдөгөн маал. 3. Кездеменин же башка нерселердин бетине түшүрүлгөн ар кандай гүлдөр. Бөйрөгүндө кызыл гүлү бар бир чыныны ороп келип Мыскалдын алдына койду (Сыдыкбеков).
ГҮЛБАК (иранча гүлдүү, бактуу жер) — топоним. Алты-Шаарда (Чыгыш Түркстанда) чеп, сепил деген мааниде колдонулган. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да ошондой эле мааниде: «Гүлбагын бузуп күл кылып, Уратпасак болбос деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260), же «Аламандап талайлы, Гүлбагына камайлы Күлдү журтун канайлы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 219),— деп айтылат.
этиш. 1. Гүл ачуу. Мындан ары биздин мектептин алма багы гүлдөй баштайт. 2. Көгөрүү, жашылдануу. Жаз келди, талаа тегиз гүлдөдү. 3. өт. Жыргоо, өркүндөө. Элимден кетсем мейличи, Эркинде элим гүлдөсүн (Токтогул). Жаша, гүлдө Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан (Үмөталиев). Гүлкайырдай гүлдөп ал, Күлгүн жашың барында (Токтогул).
1. цвести; 2. перен. процветать; жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эл гүлдөйт погов. благодаря дождю цветёт земля, благодаря труду процветает народ.
1. Гүл ачуу, гүл алуу. Жоогазын гүлдөсө да узакка турбайт (Сыдыкбеков). Өрүк гүлдөп, жер көгөрүп, көп дарак желге ыргалып, бирин бири ымдашат (Үмөталиев). 2. Көгөрүү, жашылдануу. Жаз келди талаа тегиз гүлдөдү (Шүкүрбеков). 3. өт. Жыргап-кууноо, өркүндөө, өсүү. Элимден кетсем мейличи, Эркиндеп элим гүлдөсүн (Токтогул). Гүлдөп өмүр сүргүлө, Эркин ойноп күлгүлө(Турусбеков). Гүлдөй турган колхоздун, Күжүрмөн болот жаштары (Осмонкул).
ГҮЛДӨРДҮ КҮНӨСКАНА ШАРТТАРЫНДА ӨСТҮРҮШКӨН ЖАНА КАЛККА САТКАН ЖАРАНДАРДАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Күнөскана шартында гүл өстүргөн жана аны калк арасына саткан жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат. Сатыктан түшкөн киреше салык салуунун объектиси болуп эсептелет.
1. гүлдө этишинин аркылуу мамилеси. 2. Өсүмдүктөрдү өстүрүү, өндүрүү, жашылдандыруу. Гүлдөт дыйкан килем кылып жер бетин, Кубансын жер толкундатып келбетин (Токомбаев). Мичуриндин сортторун тигип, мектептин мөмөлүү бак-дарагын гүлдөтүүгө киришти (Сыдыкбеков). 3. өт. Жыргатуу, куунатуу. Жемишти жер бетине сепкен эмгек, Гүлдөтүп берекесин төккөн эмгек (Бөкөнбаев). 4. өт. Өстүрүү, өркүндөтүү, жетилтүү. Эмгек менен өлкөнү гүлдөттүк (Сыдыкбеков). Тарбия үйрөтүп, Жаштарды гүлдөтүп (Тоголок Молдо).
сын.1. Гүлү көп, гүлү калың, көп ачылган. Жашыл шибер гүлдүү бак, Жеримди жоого бербесмин (Нуркамал). Биринде ай-жылдыздуу салкын түндүн Аралап гүлдүү бакта басып жүрдүм (Үметалиев).
2. Түр салынган, түрлөнгөн; гүл түшүрүлгөн. Бөйрөгү гүлдүү кара ала чайнек (Сыдыкбеков). Үстүнө кийген көк гүлдүү көйнөгү эски болсо да таза экен.
1. Гүл өсүмдүктөрү бар, гүлү калың. Дүйүм гүлдүү, укмуш Чүйдүн талаасы (Токомбаев). Аралап гүлдүү бакта басып жүрдүм (Үмөталиев). 2. Гүлдүн сүрөтү түшүрүлгөн, ар кандай түр салынган. Бөйрөгү гүлдүү карала чайнек (Сыдыкбеков). Көк гүлдүү ак көйнөгү эски болсо да таза.
зат. Гүл айдалган, өстүрүлгөн жер, аянт. Булагыңдан суу ичем, Гүлзарымдан гүл үзөм (Үмөталиев). Тоту куштун жүнүндөй, Гүлзардын түркүн гүлүндөй, Кандай кооз ушул үй, Калы килем түрүндөй (Үмөталиев).
Түрдүү гүлдөр тигилген, жашылдандырылган жер. Университеттин бет алды жайлоо төрүндөй гүлзар экен (Касымбеков). Булагыңдан суу ичем, Гүлзарыңдан гүл үзөм (Үмөталиев). Арча-Бешик айылындагы үйүмдү, Айлантсам дейм Тютчевдик гүлзарга (Акималиев).
1. Гүлдөгөн, жашылдандырылган жер. Жерибизди гүлстанга айланттык, Жан аябай күжүрмөндүк зор менен (Токомбаев). Жеткен жериң гүлстан Шаар болгон аккан суу (Алыкулов). 2. Гүлдөп өскөн жыргалдуу өлкө. Бүгүн союз Кыргызстан, Анда болор гүлстан (Бөкөнбаев).
1. Мөңгү барстарына таандык кара-күрөң белги-тамга. Тегерегирээк, көрүнүшү боюнча көз мончок гүлгө окшош болот. 2. Барстын илбирс менен кабыландан айырмалап туруучу белгиси. Ал гүлтамгалаш мөңгү барстарынын бири каскактай болуп чыга калбасын деп артына бурула карап да келатты (Айтматов).
ГҮЛ-ТОКОЙ — топоним. Саякбай Каралаевдин варианты нда Букарга жакын жайгашкан токой:
Гүл-Токой-Ата дээр экен,
Нур төгүлгөн жер экен.
Жыгачтан жаңгак төгүлгөн,
Чыркыраган долуга
Ошол турган Гүл-Токой
Чын бейиштей көрүнгөн (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 59).
Г.-Т. көбүнчө ары-бери каттаган жолоочулар эс алып өтүүчү ажайып жай катары эскерилет Г.-Т-дон көмүр өчүргөн Сарытазга жолугуп, Семетей андан өзүнүн теги жөнүндө угат.
ир., күлүстөн 1. то же, что гүлзар; балалуу үй - гүлүстөн, баласыз үй - көрүстөн погов. дом с детьми - цветник, бездетный дом - кладбище; 2. перен. жизнерадостный, оживлённый; цветущий; 3. так обычно называют женщины пожилого покойника, оплакивая его; күлүстөнүм Күлчоро фольк. дорогой мой Кюльчоро.
1. гүлзар менен бирдей. 2. Жайнаган, гүлдөгөн, жайдары. Узактадым кырчын жаштан гүлүстөн (Токомбаев). 3. Көбүнчө аялдар өлгөн күйөөсүн кошуп ыйлаганда, эскергенде колдонулат. Гүлүстөнүм Күлчоро («Сейтек»).
1. Башына кийип же мойнуна тагып алуу үчүн алкак кылып өрүлгөн гүл. Гүлчамбар болсом башыңа, Ороп алып баскандай («Эл ырлары»). 2. диал. Клумба, гүл өстүрүлгөн кичинекей аянтча. Гүлчамбардай гүлдөйсүң. 3. Алкакка жалбырак аралаш өрүлүп коюлган гүл топтому, венок. Андыктан жаштар эскерип дайым, Гүлчамбар коёт майрам сайын (Абдыраманов).