Энциклопедия "Манас". ч.1.
ГҮЛБАК (иранча гүлдүү, бактуу жер) — топоним. Алты-Шаарда (Чыгыш Түркстанда) чеп, сепил деген мааниде колдонулган. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да ошондой эле мааниде: «Гүлбагын бузуп күл кылып, Уратпасак болбос деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260), же «Аламандап талайлы, Гүлбагына камайлы Күлдү журтун канайлы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 219),— деп айтылат.