Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Гүлү көп, гүлү калың, көп ачылган. Жашыл шибер гүлдүү бак,
Жеримди жоого бербесмин (Нуркамал). Биринде ай-жылдыздуу салкын түндүн Аралап гүлдүү бакта басып жүрдүм (Үметалиев).
2. Түр салынган, түрлөнгөн; гүл түшүрүлгөн. Бөйрөгү гүлдүү кара ала чайнек (Сыдыкбеков). Үстүнө кийген көк гүлдүү көйнөгү эски болсо да таза экен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Гүл өсүмдүктөрү бар, гүлү калың. Дүйүм гүлдүү, укмуш Чүйдүн талаасы (Токомбаев). Аралап гүлдүү бакта басып жүрдүм (Үмөталиев). 2. Гүлдүн сүрөтү түшүрүлгөн, ар кандай түр салынган. Бөйрөгү гүлдүү карала чайнек (Сыдыкбеков). Көк гүлдүү ак көйнөгү эски болсо да таза.