Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башына кийип же мойнуна тагып алуу үчүн алкак кылып өрүлгөн гүл. Гүлчамбар болсом башыңа, Ороп алып баскандай («Эл ырлары»). 2. диал. Клумба, гүл өстүрүлгөн кичинекей аянтча. Гүлчамбардай гүлдөйсүң. 3. Алкакка жалбырак аралаш өрүлүп коюлган гүл топтому, венок. Андыктан жаштар эскерип дайым, Гүлчамбар коёт майрам сайын (Абдыраманов).