Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Гүл айдалган, өстүрүлгөн жер, аянт. Булагыңдан суу ичем, Гүлзарымдан гүл үзөм (Үмөталиев). Тоту куштун жүнүндөй, Гүлзардын түркүн гүлүндөй, Кандай кооз ушул үй, Калы килем түрүндөй (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түрдүү гүлдөр тигилген, жашылдандырылган жер. Университеттин бет алды жайлоо төрүндөй гүлзар экен (Касымбеков). Булагыңдан суу ичем, Гүлзарыңдан гүл үзөм (Үмөталиев). Арча-Бешик айылындагы үйүмдү, Айлантсам дейм Тютчевдик гүлзарга (Акималиев).