Киргизско-русский словарь Юдахина
1. верблюд (общее название);
төө кийик дикий верблюд;
жөө жүргөнчө, төө минген жакшы погов. чем пешком ходить, лучше на верблюде ездить (верховая езда на верблюде у киргизов не была в обычае);
төө көп болуп, конокко сойбойт погов. если даже верблюдов много, их для гостей не режут (киргизы резали верблюда только в тех случаях, когда он выбывал из строя, напр. ломал ногу);
көрбөгөн төөнү да көрбөйт погов. кто не видит, тот и верблюда не заметит;
"бээ" десең, төөгө кетет погов. если скажешь "кобыла", он идёт к верблюду; ты как бы ближе к делу, а он про козу белу;
манап алжыса, "төө" деп алжыйт погов. если манап ляпнет, то скажет "верблюд" (вместо "кобыла"; так говорят обычно о стариках);
төө баласы - төрө баласы погов. верблюжонок - барчонок (его лелеют);
төө кумалак верблюжий помёт;
2. перен. огромный, большой;
төө куш страус;
төө мылтык огромное ружьё;
төө мылтыгы тарс этип, замбиреги карс этип фольк. его огромное ружьё бахнуло, его пушка грохнула;
төөдөй милдет большая задача; огромная задача;
төөнүн куйругу жерге тийгенде когда рак свистнет (букв. когда хвост верблюда коснётся земли);
жоош төөдөй (о человеке) безобидный, безответный;
ак төөнүн карды жарылды (блага) посыпались, как из рога изобилия;
ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз благодатная осень;
төө басты "куча мала" (игра);
төө бастыдан аман в общем переполохе он не пострадал;
төө көрдүңбү? - Жок моя хата с краю (букв. верблюда видел? - Нет);
төө жал или төө мойнок южн. украшения, подвешиваемые на шею верблюда;
төөң (төөсү, но не төөм) ак тууду твои (его) дела идут блестяще; твоё (его) дело в шляпе;
төө чечкен или төө чечтирмей ист. дикое развлечение феодально-родовой знати: голая женщина, нагнувшись, зубами отвязывала верблюда, призязанного к низко вбитому в землю колышку; верблюд поступал в пользу отвязавшей его женщины;
төө чеч- ист. (о женщине) активно участвовать в төө чечкен;
төө чечкендей кыл- осрамить, опозорить;
төө чечкенден да жаман уяттуу көрүнүш явление более постыдное, чем төө чечкен;
төө чечтир- устраивать төө чечкен;
төө карын (о рельефе местности) извилистый, с извилистыми впадинами (наподобие извилин головного мозга);
төө таман тяньш. название колючего травянистого растения;
төө куйрук (см. куйрук);
төө уйгак (см. уйгак);
төө тикен (см. тикен).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир же эки өркөчтүү, чөлгө чыдамдуу мал. Жылкычы болуп бээ бактың, Жылдырып айдап төө бактың (Тоголок Молдо). Көрбөгөн төөнү да көрбөйт (макал). Төө көп болуп, конокко сойбойт (макал).
Ак төөнүн карды жарылуу бышыкчылык маалы болуу, кененчилик, токчулук, бейпил турмуш болуу. Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз (Сыдыкбеков). Баягы согуштун алдында ак төөнүн карды жарылып калды эле го? («Ала-Тоо»). Төө куш к. куш I. Төө куйрук к. куйрук. Төө тапан же төө таман — тикендүү, жазы жалбырактуу өсүмдүк. Гүл ачкан төө тапандар жыбырап көрүндү (Сыдыкбеков). Төө басты — бирөөнүн үстүнө башкалары үйүлүп, басып ойноочу оюн. Сапар бул шок немелер төө басты кылып жүрүшпөсүн деп чочулап тура качты (Бейшеналиев). [Болбосо] төө басты кылып мойнунан ылдый топурак куйсак болот эле (Сыдыкбеков). Төөң ак тууду — иши оңолуу, ойлогону ордунан чыгуу.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
төө (түйө эмес)
төө басты
төө бастыга алуу
төө карын
төө кийик (жапайы төө)
төө коко (бот.)
төө коңуз
төө көрдүңбү жок, бээ
көрдүңбү жок
төө куйрук
төө куш
төө кыядан өтүү
төө мылтык
төө таман (бот.)
төө тикен
төө уйгак (бот.)
төө чарбасы
төө чечкендей болуу
төө чечмей (этн.)
төөнүн куйругу жерге
тийгенде
төөң ак тууду

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча төө түрүндө айтылган сөз казак тилинде түйө, өзбек тилинде туя болсо, моңгол тилинде темээн болуп айтылат. Байыркы түрк тилинде ал тебе түрүндө айтылган. Булардын кайсынысы эң алгачкысы экенин айтуу кыйын. Эгер казак тилиндеги түйе алгачкы түге дегенден келип чыккан десек, анда өзбекче туя ага байланышы бар экендиги оңой баамдалат. Кыргызча төө алгачкы тек же теге дегенден келип чыгышы мүмкүн. Эң алгачкы формасы мына ушул тек//теге дегенге жакын болгон деп эсептесек, анда байыркы түркчө теве сөзү теге түрүнүн г тыбышы б тыбышына өзгөрүшүнөн жана э тыбышы ө тыбышына алмашуудан келип чыкканы болот. Ал эми моңголчо тэмээн андан аркы өнүгүшү (б>м) катары таанылат. Теге уңгусу мал-теге деген учурда кыргыз тилинде айтылса, казак тилинде түйе-теге учурда теге түрүндө айтылат. Бул сөздүн эң алгачкы формасы тек же теге түрүнрүндө болгону дагы мындай кошумча далилдер менен аныкталат. Үй жаныбарларын айдоого, чакырууга карата айтылган сөздөрдүн көпүчүлүгү ошол жаныбардын атын билдирген сөз болуп чыккандыктан, төө сөзү да аны чөгөрүүгө карата айтылган чөк сөзү менен же ага чыгыш теги боюнча байланыштуу болгон чөкөлө//чөгөлө, чөк түш деген сөздөр менен тектеш деп кароого мүмкүнчүлүк берет. Ушундайча көз карашта алганда, алгач тек+теге сөзү төөнү билдирген. Ал эми төөнү чөгөрүү үчүн колдонулган чөк! сөзү т тыбышы ч тыбышына алмашуудан келип чыккан. Ошол чөк этишинин мааниси да-ы кеңип, ал жалаң эле төөгө карата айтылбастан, башка кыймыл-аракеттерге карата колдонула турган болуп, төө менен чөк сөздөрүнүн ортосунда чыгыш теги боюнча байланышы жок сыяктанып калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир же эки өркөчтүү, чөлгө чыдамдуу мал. Жылкычы болуп бээ бактың, Жылдырып айдап төө бактың (Тоголок Молдо). Көрбөгөн, төөнү да көрбөйт (макал). Төө көп болуп, конокко сойбойт (макал). Карыган төөдөй боздойсуң, Келбей жатып ырдайсың (Калмырза).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн үстүнө башкалары үйүлүп, басып ойноочу оюн. Сапар бул шок немелер төө басты кылып жүрүшпөсүн деп чочулап тура качты (Бейшеналиев). Болбосо төө басты кылып мойнунан ылдый топурак куйсак болот эле (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин учуру, оор мезгили өтүп кетүү, болору болуу, иш бүтүп калуу. Аттиң, арман ай! Жапаштын өчүн алсам болмок экен деп, эки күндөн бери ойлондум. Бирок аба, иш ооп калды... Менин төөм кыядан өтүп кетти! (Жантөшев). В.: Төө кыядан өткөн соң. Төө кыядан өткөн соң, о дегениң курусун (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айырмасы чоң, айырмасы бир кыйла жогору. Менин атым сенин атыңдан төөлүк өйдө («Ала-Тоо»). 2. Төөгө тете, төөнүн күчүнө барабар. Чаар ингендин өзүндө, Миң төөлүк күч бар экен («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или төөметек)
одна из форм штрафа в детских играх: на голову штрафуемого участника игры ставят локоть; затем, надавив, отдёргивают, в результате чего на голову с силой опускается тыльная часть кулака.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюнда уттурган баланын башына чыканакты коюп, ныгыра басып туруп колун тартып алганда, муштум күч менен барып башка тийген сокку. Балдардын эптүүсү эпсизинен төөматек, укуй алып жатты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Оюнда уттурган баланын башына чыканакты коюп, ныгыра басып туруп колун тартып алганда, муштум күч менен барып башка тийген сокку. [Балдардын] эптүүсү эпсизинен төөметек, укуй алып жатты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тукул башы уруйган, же бир жагы кооздук үчүн жасалган төөнөп бекитүү үчүн пайдаланылуучу ийне; жаканы, көкүрөктү ж. б. кымтылап же төөнөп бекитип коё турган, көрүнүп турган бет жагы кооздолгон кооздук.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Төшкө тагылуучу кыз-келиндердин азем буюму. Төөнөгүч ар кандай формада жасалат. Ага зергерчиликтин ыкмаларынын бардык түрлөрүн пайдаланууга болот.
      Зергерлер мүнөздүү узанууда мындай бир ыкма бар. Алгач төөнөгүчтү күмүш зымдан жөнөкөй эшип, чыйрак чыйратып, дөшүгө салып, балка аркылуу жалпактайт. Анын эки түрү бар. Төөнөгүчтүн ортосуна ар түрдүү асыл таштар, айнек, пластмасса сымал жалтырак заттар коюлат. Ошол таштардын аймагына (тегерегине) курчалуучу күмүш зымды белгилүү жукалыкка чейин келтирет. Мунун жукартуусу, биринчиден эки эсе жоон болушу керек. Демек, ага элдик көркөм күмүш оюмду түшүрүү үчүн күмүш зымдарды атайын отко жашытат. Анан кертип - кертип, аны бөлүп алып, тегерек ооз кыпчууру аркылуу формасына келтирет. Ошентип, төөнөгүчтүн бардык бөлүктөрү даяр болгондон кийин алардын ар бири кайрадан күмүш менен ширетилип, чөгөрүлгөн айнектин тегерегине сирке төгүлөт.
      Күмүштү күмүш менен ширетүүгө ак данакер колдонулат. Күмүштү эшүү ыкмасындай эле күмүштү кертүү ийүү аркылуу да төөнөгүчтү жасоого болот. Мындай аземдүү буюмдарды жасоодо зергерлер мельхиорду да пайдаланат. Анда чыйратылган зымды кайрадан эшип туруп, көз салгандай кылат. Ал өзүнчө формада жүрөкчө болуп ширетилет да, анан түрдүү асыл таш, айнек чөгөрүлөт. Анда жүрөкчөнүн үч жагына тең «сирке» төгүлөт.
      Төөнөгүчтү «бүчүлүк» деп да атайт. Буга узануунун негизги ыкмалары топчу, билерик, желбирөөч сыяктууларга окшошот да, тегерек темирдин четтерин күн карама кейиптентип кесип алып, ага күмүш жалатат. Анын ичинен өзүнчө из түшүрүүчү жээк чыгарып, мунун төөнөчү «олоң тили» чок ортосунда болот. Калган тараптары кадимкидей «себет төгүү» — «зооткер түшүрүү «аркылуу кооздолот. Ага түшкөн көркөм көчөттөр «кочкор мүйүз», «жарым бадам» жана кудум туш кийиз сайма көчөттөрүнө окшошот.
      Тептегерек көмкөрүлгөн күмүш топчу түспөлүндө төөнөгүч да жасалат. Мунун төөнөй турган «олоң тили» ичинен бекийт да, жалаң «чапкынын» ар кандай түрлөрүн алып, чапкылоо ыкмасы аркылуу түшүрүлүүчү издер «кыял оюму» окшотуп, төөнөгүч кооз көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тукул башы уруйган, же бир жагы кооздук үчүн жасалган төөнөп бекитүү үчүн пайдаланылуучу ийне, жаканы, көкүрөктү ж. б. кымтылап же төөнөп бекитип коё турган, көрүнүп турган бет жагы кооздолгон кооздук.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от төөнө-;
көйнөктүн жакасы жакшылап төөнөлдү воротник платья хорошо сколот;
тили төөнөлдү ему подрезали язык; он прикусил язык;
анын келжирей берген тили төөнөлдү его болтливый язык подрезан (он притих и языку своему воли не даёт).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакында болбой турган же такыр болууга мүмкүн болбогон нерсе. Жамал мени качан келет десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде келет дегин (Шүкүрбеков). Кейпи төөнүн куйругу жерге тиер учурду күтүп жатышса керек («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакында болбой турган же такыр болууга мүмкүн болбогон кезде. Жамал мени качан келет десе төөнүн куйругу жерге тийгенде келет дегин (Шүкүрбеков). Кейпи төөнүн куйругу жерге тиер учурду күтүп жатышса керек («Чалкан»).