төө
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Бир же эки өркөчтүү, чөлгө чыдамдуу мал. Жылкычы болуп бээ бактың, Жылдырып айдап төө бактың (Тоголок Молдо). Көрбөгөн төөнү да көрбөйт (макал). Төө көп болуп, конокко сойбойт (макал).
♦Ак төөнүн карды жарылуу — бышыкчылык маалы болуу, кененчилик, токчулук, бейпил турмуш болуу. Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз (Сыдыкбеков). Баягы согуштун алдында ак төөнүн карды жарылып калды эле го? («Ала-Тоо»). Төө куш к. куш I. Төө куйрук к. куйрук. Төө тапан же төө таман — тикендүү, жазы жалбырактуу өсүмдүк. Гүл ачкан төө тапандар жыбырап көрүндү (Сыдыкбеков). Төө басты — бирөөнүн үстүнө башкалары үйүлүп, басып ойноочу оюн. Сапар бул шок немелер төө басты кылып жүрүшпөсүн деп чочулап тура качты (Бейшеналиев). [Болбосо] төө басты кылып мойнунан ылдый топурак куйсак болот эле (Сыдыкбеков). Төөң ак тууду — иши оңолуу, ойлогону ордунан чыгуу.