ТӨӨ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргызча төө түрүндө айтылган сөз казак тилинде түйө, өзбек тилинде туя болсо, моңгол тилинде темээн болуп айтылат. Байыркы түрк тилинде ал тебе түрүндө айтылган. Булардын кайсынысы эң алгачкысы экенин айтуу кыйын. Эгер казак тилиндеги түйе алгачкы түге дегенден келип чыккан десек, анда өзбекче туя ага байланышы бар экендиги оңой баамдалат. Кыргызча төө алгачкы тек же теге дегенден келип чыгышы мүмкүн. Эң алгачкы формасы мына ушул тек//теге дегенге жакын болгон деп эсептесек, анда байыркы түркчө теве сөзү теге түрүнүн г тыбышы б тыбышына өзгөрүшүнөн жана э тыбышы ө тыбышына алмашуудан келип чыкканы болот. Ал эми моңголчо тэмээн андан аркы өнүгүшү (б>м) катары таанылат. Теге уңгусу мал-теге деген учурда кыргыз тилинде айтылса, казак тилинде түйе-теге учурда теге түрүндө айтылат.
Бул сөздүн эң алгачкы формасы тек же теге түрүнрүндө болгону дагы мындай кошумча далилдер менен аныкталат. Үй жаныбарларын айдоого, чакырууга карата айтылган сөздөрдүн көпүчүлүгү ошол жаныбардын атын билдирген сөз болуп чыккандыктан, төө сөзү да аны чөгөрүүгө карата айтылган чөк сөзү менен же ага чыгыш теги боюнча байланыштуу болгон чөкөлө//чөгөлө, чөк түш деген сөздөр менен тектеш деп кароого мүмкүнчүлүк берет.
Ушундайча көз карашта алганда, алгач тек+теге сөзү төөнү билдирген. Ал эми төөнү чөгөрүү үчүн колдонулган чөк! сөзү т тыбышы ч тыбышына алмашуудан келип чыккан. Ошол чөк этишинин мааниси да-ы кеңип, ал жалаң эле төөгө карата айтылбастан, башка кыймыл-аракеттерге карата колдонула турган болуп, төө менен чөк сөздөрүнүн ортосунда чыгыш теги боюнча байланышы жок сыяктанып калган.