ТӨӨНҮН КУЙРУГУ ЖЕРГЕ ТИЙГЕНДЕ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жакында болбой турган же такыр болууга мүмкүн болбогон кезде. Жамал мени качан келет десе төөнүн куйругу жерге тийгенде келет дегин (Шүкүрбеков). Кейпи төөнүн куйругу жерге тиер учурду күтүп жатышса керек («Чалкан»).