ар.
1. история;
2. перен. событие, происшествие.
зат. 1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш.
Тарыхтын закондору. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков).
- 2. Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы.
- 3. Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. СССР элдеринин тарыхы. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы.
- 4. Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы.
- 5. Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы; алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү Маалим болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалим (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Аалы).
тарых (тарык, тарих
эмес)
1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш. Тарыхтын мыйзамдары. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков). 2. Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы, Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы. 3. Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы. 4. Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы. 5. Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы, алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү, Маалым болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалым (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Токомбаев).
ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – тарыхый, илимий, көркөм же башка баалуулукка ээ, мамлекеттин жана коомдун өнүгүшү, элдин жашоосундагы тарыхый окуялар менен байланышкан материалдык жана руханий чыгармачылыктын чыгармасы. КР жана анын субъектилеринин менчик карамагында турган Т. ж. м. э. мамлекет тарабынан корголот.
History worksheet (noun)
A separate worksheet that lists changes being tracked in a shared workbook, including the name of the person who made the change, when and where it was made, what data was deleted or replaced, and how conflicts were resolved.
History list (noun)
A list of the last 10 files you jumped to in the current program session using hyperlinks.
зат. Тарых боюнча адис окумуштуу жана ушул жагына адистешкен башка кызматкер.
Тарых боюнча адис окумуштуу жана ушул жаатта адистешкен кызматкер.
ар.
исторический;
тарыхый окуялар исторические события;
тарыхый материализм исторический материализм;
тарыхый роман исторический роман;
Улуу Октябрдин бүткүл дүйнөлүк тарыхый мааниси всемирно-историческое значение Великого Октября.
сын. 1. Тарыхка (1, 2, 3, 4-маанилери боюнча) таандык.
Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр.
- 2. Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар.
- 3. Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. Партиянын тарыхый чечимдери.
- 4. Тарыхта болгон окуяларга, тарыхтын фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар.
- 5. Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы.
- 6. Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон; түбөлүк эмес, өтүп, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.
1. тарыхка таандык. Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр. 2. Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар. 3. Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. 4. Тарыхта болгон окуяларга, тарыхый фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар. 5. Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы. 6. Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон, түбөлүк эмес, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.
вспомогательные исторические дисциплины
ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МААНИДЕГИ ЖЕР – өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин катмарына кирген жер; ага тарыхый-маданий коруктар, эстелик жайгашкан сейилбактар, көрүстөндөр, археологиялык жайлар кирет. КР аймагында жайгашкан тарыхый жана маданий эстеликтер мамлекет алдындагы жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан корголот.
Земли историко-культурного назначения
адаб. Тарыхый окуялар, чыныгы жашап өткөн адамдар жөнүндө жазылган чыгармалар.
ТАРЫХЫЙ ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин чечмелөө, чечмелөөчү ченемдин мазмунун анын мурдагы иштеп жаткан же аны иштеп чыгууга байланыштуу даярдык көрүү материалдары менен салыштыруу, окуп-үйрөнүү зарылдыгы болгон учурларда келип чыгат. Ошентип, тигил же бул конституциялык ченемдердин маани-маңызы жана мазмуну мамлекеттин конституциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу иштерин чагылдырган материалдарды талдоого алуу жолу менен аныкталат.
адаб. Эл башынан өткөн окуялардын башкы каарманы болгон тарыхый инсандар жөнүндөгү элдик ырлар.