ТАРЫХЫЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. тарыхка таандык. Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр. 2. Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар. 3. Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. 4. Тарыхта болгон окуяларга, тарыхый фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар. 5. Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы. 6. Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон, түбөлүк эмес, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.