тарых
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш. Тарыхтын закондору. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков).
- 2. Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы.
- 3. Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. СССР элдеринин тарыхы. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы.
- 4. Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы.
- 5. Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы; алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү Маалим болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалим (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Аалы).