Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш. Тарыхтын мыйзамдары. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков). 2. Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы, Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы. 3. Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы. 4. Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы. 5. Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы, алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү, Маалым болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалым (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Токомбаев).