Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Тарыхка (1, 2, 3, 4-маанилери боюнча) таандык. Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр.
  1. 2.                  Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар.
  2. 3.                  Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. Партиянын тарыхый чечимдери.
  3. 4.                  Тарыхта болгон окуяларга, тарыхтын фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар.
  4. 5.                  Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы.
  5. 6.                  Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон; түбөлүк эмес, өтүп, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.