печаль, тоска; забота; казаны башканын кайгысы башка погов. у кого котёл другой, у того и печаль другая (у каждого своё); кара эчкиге жан кайгы, касапчыга май кайгы погов. у чёрной козы забота о жизни, а у мясника - о жире; ач кайгысын ток билбейт погов. сытый голодного не разумеет (калька с русского); кайгы жокто кайгы болду өгөй кайнененин өлгөнү погов. не было заботы, так смерть неродной свекрови стала заботой; не было печали, так черти накачали; кайгы баш печальный, горемычный; горемыка; кайгы тарт- печалиться; кышында чөптүн кайгысын тартпайт зимой он не печалится о сене (оно заготовлено летом); кара көз сулуу Даткайым, кайгыңды тартып, куурадым стих. черноокая красавица Даткаим, в тоске по тебе я высох; кайгыга сал- опечалить; асан кайгы 1) Асан кайгы Асан-горемыка (персонаж казахских и киргизских сказок, искатель правды); 2) печаль беспросветная, горе безысходное, горе горькое; Самтыр дале асан кайгыда, дале жер карама Самтыр всё ещё в глубокой печали, всё ещё с опущенной головой; аненин тарткан асан кайгысы күчтүү эле велика была печаль матери.
Бул сөз кай+гы бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде кай этиши «көңүл буруу, кейишүү, кайгысын бөлүшүү» (ДТС, 406) маанисин берген. Мындай этиш азыркы кыргыз тилинде өзүнчө колдонулбайт, бирок кайыш (мисалы: кабыргасы кайышуу (Юдахин, 325) деген учурда сакталып калган. Ал эми -гы мүчөсү этиштен зат атооч жасашы тепки (тепки же), түрткү (түрткүсү менен) сыяктуу учурларда даана көрүнөт.
Кандайдыр бир себептен улам капа чегип, санаа тартуу сезими, убайым, капалык. Ач кайгысын ток билбейт (макал). Кайгыга көңүл басынат, Кайрат кылсам жазылат (Казыбек). Кайгы – адамдын касы, эмгек – адамдын досу (Байтемиров).
КАЙГЫЛ — кырк чоронун бири, дайыма чоролордун катарында саналып өтүлөт. Манастын кайынына мал айдашып барганы жана жети кандан келген элчилерди Манастын алдына алпарып салам бердиргени эпосто эскерлет. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде аты Карагер жыйырма жетинчи келип К. тагдырына буюрган Үркөрбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 150, 394, 420, 425, 3. 50, 176, 25, 27,_ 44).
Кайгы тартуу, капа болуу, азап чегүү, убайымга түшүү. Кайгыланбай кайрат кыл, Сага түшчү салмак бар («Манас»). Эсимде! Бир күнү атам кайгыланды (Турусбеков).
1. Кайгы-капасы бар, кейиштүү, убайым тарткан, кайгыга баткан. Кайгылуу адамга катуу сөз угуу оор болот, балам. («Ала-Тоо»). Кагылайын Олжобай, Кайгылуу кылып таштадың («Олжобай менен Кишимжан»). Кардыгачтын каты ушул, Кайгылуу болгон дарты ушул («Эр Табылды»). 2. Кайгы тарттырар, кейите турган, жамандык жагы бар. Кайгылуу окуя. Кайгылуу кабар. Кайгылуу иш. 3. Кайгы менен өткөн. Кайгылуу кыйын күндөрдү эскерип, көпкө чейин сүйлөшүп отурдук («Ала-Тоо»). Мен башыман өткөргөн оор, кайгылуу тарыхты ойлобоско аракет кылам (Абдукаримов).
печалиться, горевать; жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр погов. у бедняка один конь (да и тот) жеребец, ложись да и горюй; капаланып кайгырдым я печалился и горевал.
Капа болуу, кайгылануу, убайым тартуу. Өмүрүндө кайгырбаган капитандын өңү бузулуп, көзүнөн жаш кылгырды (Жантөшев). Жолойду таппай кайгырып, Айласы кетип Манастын, Алтайга тартып кайрылып («Манас»). Татыбек турмуштун али эч бир даамын тата электигин эстеп кайгырды (Байтемиров). Ботосу өлгөн ингендей, Боздоп нечен кайгырдым («Мендирман»).
и. д. откайгыр-; кайгыруудан эч пайда жок горевать бесполезно; кайгыруу менен билдиришет... с прискорбием сообщает...; терең кайгыруу менен билдирет... с глубоким прискорбием извещает... (газетное сообщение о смерти кого-л.).
Кайгы-капасы жок, көңүлү шат, убайымсыз. Кайгысыз элим жаша деп, Эркиндик заман тургуздуң (Үсөнбаев). Убайымсыз, кайгысыз, Узун жашоо бир кызык (Осмонкул).