КАЙГЫ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз кай+гы бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде кай этиши «көңүл буруу, кейишүү, кайгысын бөлүшүү» (ДТС, 406) маанисин берген. Мындай этиш азыркы кыргыз тилинде өзүнчө колдонулбайт, бирок кайыш (мисалы: кабыргасы кайышуу (Юдахин, 325) деген учурда сакталып калган. Ал эми -гы мүчөсү этиштен зат атооч жасашы тепки (тепки же), түрткү (түрткүсү менен) сыяктуу учурларда даана көрүнөт.