КАЙГЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кайгы-капасы бар, кейиштүү, убайым тарткан, кайгыга баткан. Кайгылуу адамга катуу сөз угуу оор болот, балам. («Ала-Тоо»). Кагылайын Олжобай, Кайгылуу кылып таштадың («Олжобай менен Кишимжан»). Кардыгачтын каты ушул, Кайгылуу болгон дарты ушул («Эр Табылды»). 2. Кайгы тарттырар, кейите турган, жамандык жагы бар. Кайгылуу окуя. Кайгылуу кабар. Кайгылуу иш. 3. Кайгы менен өткөн. Кайгылуу кыйын күндөрдү эскерип, көпкө чейин сүйлөшүп отурдук («Ала-Тоо»). Мен башыман өткөргөн оор, кайгылуу тарыхты ойлобоско аракет кылам (Абдукаримов).