ир. 1. базар, рынок; кан базар уст. большой базар (многолюдный и богатый товарами); ат базар конский базар; чолок базар уст. офенская торговля (когда бродячий торговец-разносчик раскладывал свои товары в чьей-л. юрте); жармаңке базар ярмарка; балалуу үй базар, баласыз үй - мазар погов. дом с детьми - базар (оживлённый), дом без детей - кладбище (тихий, скучный); базар - бай, барган - кедей погов. базар - богач, кто идёт туда - бедняк (по сравнению с теми богатствами, которые он там видит); базарда миң киши бар, ар кнми сүйгөнүнө салам берёт погов. на базаре тысяча человек, (а) каждый приветствует того, кого любит; базарга сал- поставлять что-л. на рынок (для продажи); базар көтөрбөгөн мал неходовой (по цене) товар; байланып жаткан базар 1) застойный рынок (застойная торговля); 2) перен. замершая жизнь, прекратившееся оживление; базардын баасын ач- 1) ист. разрешить открыть торговлю, установив цены (в прежние времена торговец, приезжавший в аул, получал разрешение у представителя местной власти, с которым договаривался и о ценах); 2) перен. вывести из затруднения; явиться причиной избавления от невзгод; 3) перен. внести оживление; ак жолтой Бакай мен элем, байланып жаткан базардын баасын ачкан кул элем фольк. ведь это был я, принесший счастье Бакай, ведь это был я - тот человек (букв. раб), который оживил замершую жизнь; 2. перен. оживление, веселье; жигиттиктин бир кезде өтүп кетти базары стих. прошло когда-то и веселье молодости; базары ачылды там началось оживление, там началась оживлённая деятельность; базар кылып кел- съездить куда-л., чтобы развлечься; Токмокко барып, базар кылып келдим я съездил в Токмак и поразвлёкся; базар киши человек с достатком и хлебосольный; базары түштү дела его очень плохи; барса - базар, келсе - кербен погов. пойдёшь - базар, придёшь - караван (о родственниках, у которых дом полная чаша и хлебосольный); менин энем барса - базар, келсе - кербен эмес беле? а разве дом моей матушки не (был) полная чаша и она не славилась хлебосольством? базар кылып ал- относиться любовно, пестовать, лелеять; эжеке, сени мен өзүм базарым кылып алармын фольк. я тебя, сестрица, буду уважать и лелеять (ты будешь радостью моей жизни); базар үйүн көрбөй кал! проклятие чтоб тебе не видать благодатных родных мест!; барсаң, кайра келбейсиң, базар үйүң көрбөйсүң фольк. если поедешь туда, не вернёшься, благодатных мест родных не увидишь.
зат.1. Соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Мал базар. Китеп базары. 2. өт. Чогулган элдин бака-шака, дуудуу сүйлөшүүсү.
3. өт. Бакыт, кубаныч, кызык; өмүрдүн жакшы кези. Жигиттиктин бир кезек, Өтүп кетти базары (Тоголок Молдо).
♦ Базарыкөтөрүлүү — бактысы ачылуу, иши илгерилөө. Базарыжүрбөйкалуу — мааниси кетүү, иши жүрбөй калуу. Базаркөтөрбөгөнмал — өтпөгөн, эч ким сурабаган мал.
1. Белгилүү күндөрдө, көбүнчө дем алыш күндөрүндө болуп, калкка кеңири керектелүүчү товарлар, азык-түлүк ж. б. сатылуучу соода-сатык. Жума базар. Жекшемби базар. Салык досунукуна көп эле каттайт. Бирок дайыма эртең базар деген күнү гана келет (Каимов). Үйүмдө канча жыйган мүлкүм болсо, Чыгарып базар сайын баарын саттым (Шамшиев). Отунду сатып базарга Эптеп жанды багабыз (Жантөшев). // Соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Колхоз базары. Мал базары. Көйнөксүз эрдин бир тобун Көк базардан табасың (Шүкүрбеков). 2. Майрам күндөрүнүн алдында же мезгил-мезгили менен белгилүү бир товарлар боюнча жүргүзүлүүчү соода-сатык. Китеп базары. Жаңы жылдык базар. 3. өт. Ызычуу, дуу-дуу. Бардыгы бет алдынча сүйлөй берип, үй ичи базар болуп кетти. 4. өт. Күч-кубаты толуп турган жаш курак, кызыктуу мезгил. Эңиштеди базарым, эстегенде капамын (Токтогул).
Өтпөгөн, эчтекеге арзыбаган, эч ким сурабаган, өтүмү жок, начар (көбүнчө сатыла турган мал, же буюм-тайымга карата). Базар көтөрбөгөн мал. Мунуң базар көтөрбөйт го, түйтөйүп эң жүдөө көрүнөт.
Өтпөгөн, эчтекеге арзыбаган, эч ким сурабаган, өтүмү жок, начар (көбүнчө сатыла турган мал же буюм-тайымга карата). Базар көтөрбөгөн мал. Мунуң базар көтөрбөйт го. Түйтөйүп эң жүдөө көрүнөт.
покупать на базаре; шаарыңа чыктым эле бир базарлап; аларым - жалгыз токоч, баасы канча? стих. прибыл я в твой город за покупкой; купить мне нужно только лепёшку; сколько стоит?
Базарга барып, соода-сатык жүргүзүү, жалпы эле керектүү нерселерин сатып алуу. Керим базарлап келген ар түрдүү майда-чүйдө буюмдарын ортого таштады («Ала-Тоо»).
Базарлап келген адамдын үйүнө алып келүүчү белеги, бир жактан арнап алынган белек, кант, набат сыяктуу ар кандай даам-татым. Салык базарлыктарын алып болуп, тамактануу үчүн столовойго кирди (Каимов). – Сен канчадан бери Гүлайымга базарлык жибере турган болуп калдың? – деди Токтор (Абдукаримов).
1. тот, кто был на базаре или, тот, кто едет на базар для совершения торговой сделки; түш кыйшая бергенде базарчылардын алды тарай баштады когда перевалило за полдень, начали разъезжаться те, что первыми приехали на базар; 2. уст. торговец, разъезжавший по базарам или по аулам; алыс менен жууктун ченин билген базарчы стих. торговец, который, разъезжая по ближним и дальним базарам, знает всё ближнее и дальнее; бадачы болсоң, - мал мына, базарчы болсоң, - эл мына фольк. если ты пастух,- вот тебе скот, если ты торговец, - вот тебе народ (можешь торговать).
зат. Базарлап жүргөн, базарга көп барган адам. Түш кыйшая бергенде базарчылардын алды тарай баштады (Жантөшев). Алыс менен жууктун Ченин билген базарчы (Тоголок Молдо).
Базарлоого барган адам. Түш кыйшая бергенде базарчылардын алды тарай баштады (Жантөшев). || Базарга көп барып, базарда соода-сатык жүргүзүүчү адам. Арзан менен кымбаттын ченин билген базарчы (макал).
Бак-таалайы ачылуу, иши оңоло баштоо, иши илгерилөө. Санамбүбүнүн базары көтөрүлүп, мына ушул Токбайга туш келди (Жантөшев). В.: Базары ачылуу. Ачылар бекен базарым Мен ушуга капамын (фольк.). Базары жүрүү. Базары жүрүп турганда кимдин көзү ала чакмактабайт (Осмоналиев).
Убагы, учуру, мезгили өтүп кетүү. Оттой ойноо, желдей тентек жаш кыздар жетпесе, биздей уул-кыздын энеси болуп калган, базары тараган катынга атаңар эми ыраазы беле, катыгүн (Сыдыкбеков). В.: Базары өтүү. Башынан базары өткөн кишинин эмдиги калган тиричиликтен эч кандай кызыкчылык күтпөй турганы белгилүү (Укаев).
Убагы, учуру, мезгили өтүп кетүү. Оттой ойноо, желдей тентек жаш кыздар жетпесе, биздей уул-кыздын энеси болуп калган, базары тараган катынга атаңар эми ыраазы беле, катыгүн (Сыдыкбеков).