БАЗАРЫ КөТөРүЛүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бак-таалайы ачылуу, иши оңоло баштоо, иши илгерилөө. Санамбүбүнүн базары көтөрүлүп, мына ушул Токбайга туш келди (Жантөшев). В.: Базары ачылуу. Ачылар бекен базарым Мен ушуга капамын (фольк.). Базары жүрүү. Базары жүрүп турганда кимдин көзү ала чакмактабайт (Осмоналиев).