Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бак-таалайы ачылуу, иши оңоло баштоо, иши илгерилөө. Санамбүбүнүн базары көтөрүлүп, мына ушул Токбайга туш келди (Жантөшев). В.: Базары ачылуу. Ачылар бекен базарым Мен ушуга капамын (фольк.). Базары жүрүү. Базары жүрүп турганда кимдин көзү ала чакмактабайт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Убагы, учуру, мезгили өтүп кетүү. Оттой ойноо, желдей тентек жаш кыздар жетпесе, биздей уул-кыздын энеси болуп калган, базары тараган катынга атаңар эми ыраазы беле, катыгүн (Сыдыкбеков). В.: Базары өтүү. Башынан базары өткөн кишинин эмдиги калган тиричиликтен эч кандай кызыкчылык күтпөй турганы белгилүү (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши онунан чыкпоо, максатына жетпөө, иши кыйчалыштоо. Кантем? Базарым тарыды ээ, көктөйүмдөн багым байланды ээ? (Сыдыкбеков). В.: Базары эңиштөө. Эңиштеди базарым, эстегенде капамын (Токтогул). Базары байлануу. Жаштайынан базары байланып, зордук менен көп аялдын үстүнө тийген токолдордун башын ачабыз (Бейшеналиев).