БАЗАР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү күндөрдө, көбүнчө дем алыш күндөрүндө болуп, калкка кеңири керектелүүчү товарлар, азык-түлүк ж. б. сатылуучу соода-сатык. Жума базар. Жекшемби базар. Салык досунукуна көп эле каттайт. Бирок дайыма эртең базар деген күнү гана келет (Каимов). Үйүмдө канча жыйган мүлкүм болсо, Чыгарып базар сайын баарын саттым (Шамшиев). Отунду сатып базарга Эптеп жанды багабыз (Жантөшев). // Соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Колхоз базары. Мал базары. Көйнөксүз эрдин бир тобун Көк базардан табасың (Шүкүрбеков). 2. Майрам күндөрүнүн алдында же мезгил-мезгили менен белгилүү бир товарлар боюнча жүргүзүлүүчү соода-сатык. Китеп базары. Жаңы жылдык базар. 3. өт. Ызычуу, дуу-дуу. Бардыгы бет алдынча сүйлөй берип, үй ичи базар болуп кетти. 4. өт. Күч-кубаты толуп турган жаш курак, кызыктуу мезгил. Эңиштеди базарым, эстегенде капамын (Токтогул).