БАЗАРЛЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Базарлап келген адамдын үйүнө алып келүүчү белеги, бир жактан арнап алынган белек, кант, набат сыяктуу ар кандай даам-татым. Салык базарлыктарын алып болуп, тамактануу үчүн столовойго кирди (Каимов). – Сен канчадан бери Гүлайымга базарлык жибере турган болуп калдың? – деди Токтор (Абдукаримов).