Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (качание) кыймылдоо, шалкылдоо, шалкылдатуу, былкылдоо, былкылдатуу, бошоо, копшутуу, копшулоо, теңселтүү, козгоп коюу, чайкап коюу;
шатание зуба тиштин бошошу;
2. разг. (ходьба без цели) сандалуу, тентүү;
бесцельное шатание по улицам максатсыз көчө кыдырып сандалуу;
3. перен. (колебание) деңдароолук, тайсалуучулук, тайпылуучулук.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. кого-что
1. (раскачивать, трясти) кыймылдатуу, калкылдатуу;
2. безл. теңселтүү, козгоп коюу, чайкап коюу;
его шатает из стороны в сторону аны улам бир жакка теңселтип жатат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (качаться) кыймылдоо, калкылдоо, шалкылдоо, былкылдоо, бошоо;
зуб шатается тиш бошоп калды;
ножка стола шатается столдун буту шалкылдап турат;
2. разг. (бродить, слоняться) сандалуу, тентүү;
шататься без дела ишсиз сандалуу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бири-бирине байлаштырып, тизип коюу. Аттын баарын шатектеп, Кермеге байлап саласың («Семетей»).
2. Көп, мол кылып кармап алуу, көп жыйып алуу. Эсенгелди жайында кекилик атып келсе, Кышында эски кырманга тузак тартып, чилди жөн эле шатектеп кармоочу («Жаш ленинчи»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. связывать лошадей шея к шее в ряд;
атты шатектеп алып кетти он связал лошадей в ряд и угнал;
2. перен. направлять одно за другим, непрерывным потоком;
шатектеп жазган каттар письма, которые идут одно за другим.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бирине байлаштырып, тизип коюу. Аттын баарын шатектеп, Кермеге байлап саласың («Семетей»). 2. Көп, мол, биринин артынан бири. Эсенгелди жайында кекилик атып келсе, Кышында эски кырманга тузак тартып, чилди жөн эле шатектеп кармоочу («Жаш ленинчи»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (неустойчивый) шылкылдаган, кыйраңдаган;
шаткий стол кыйраңдаган стол;
шаткая походка кыйраңдаган басык;
2. перен. (переменчивый, ненадёжный) туруксуз; начар;
шаткое здоровье начар ден соолук;
шаткое положение туруксуз абал;
ни шатко ни валко погов. ачтан өлбөс, көчтөн калбас; жакшы да эмес, жаман да эмес.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (неустойчивость) бир калыпта болбогондук, теңселгендик, сендиректегендик, кыйраңдагандык;
шаткость походки сендиректеп басуу;
2. перен. (переменчивость, ненадёжность) туруксуздук, тайсалмалуулук; начарлык;
шаткость здоровья ден соолуктун начарлыгы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Көңүлдүү, кубанычтуу, шайыр, куунак, шат. Анна каадасынча шатман жылмайып күйөөсүнүн алдынан утурлай басты (Байтемиров). Мурат жөнүндө унутуп калгандай, Тынымдын көңүлү шатман (Байтемиров).
Шатыра-шатман — абдан шат, көңүлдүү, дуулдаган, куунак. Шатыра шатман күлкү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлдүү, кубанычтуу, шайыр, куунак, шат. Анна каадасынча шатман жылмайып күйөөсүнүн алдынан утурлай басты. (Байтемиров). Мурат жөнүндө унутуп калгандай, Тынымдын көңүлү шатман (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шайырдануу, кубануу; көңүлдүү, куунак болуу. Шаттанган шайыр жаштар. Кумсарып жаткан боз талаа, Күлкүсү чыгып шаттанат (Осмонкул). Шаттан, кыргыз, асыл кызың даанышман, Акырында алды өз ордун тарыхтан (Жусуев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Шайыр, көңүлдүү, кубанычтуу, көңүлү куунак. Жасалгалуу кийинген кыз-келиндер, жигиттер шаттуу ойноп ырдап жатышат (Бөкөнбаев).
Эми үйдөн көңүлдүү кобурашкан үндөр, шаттуу күлкүлөр угулду (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шайыр, көңүлдүү, кубанычтуу, көңүлү куунак. Жасалгалуу кийинген кыз-келиндер, жигиттер шаттуу ойноп ырдап жатышат (Бөкөнбаев). Эми үйдөн көңүлдүү кобурашкан үндөр, шаттуу күлкүлөр угулду (Каимов). Көчөлөрү элге толо жыбырап, Шаттуу, таттуу күлкү сөздөр угулат (А. Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Көңүлү шат, шайыр болгон абал, көңүлдүүлүк, кубанычтуулук, куунактык. Токтогулдун бала чактагы ырдаган ырын окуп отурсак, чексиз шаттыкты, турмушка, келечекке кең карагандыкты көрөбүз (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү шат, шайыр болгон абал, көңүлдүүлүк, кубанычтуулук, куунактык. Токтогулдун бала чактагы ырдаган ырын окуп отурсак, чексиз шаттыкты, турмушка, келечекке кең карагандыкты көрөбүз (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өйдө карай көтөрүлүп чыгуу, түшүү үчүн ылайыкталып жасалган тепкич. 2. Арабанын чанагынын ушундай формада жасалган эрди жак капталы. 3. Жалбырагы жүзүмдүкүндөй чоң калың келип, бутактары муун-муун болуп өсүп, бышканда карарып өң алып, июль, август айларында жетиле турган тыттын түрү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
шатыра I
1.: шатыра-шатман весёлый, радостный;
шатыра-шатман күл- разразиться весёлым смехом;
2. бодро, быстро.
шатыра- II
1. трещать, будто дробь рассыпать; барабанить (напр. о дожде);
шатырап жааган жаан дождь, льющий крупными каплями;
2. шумно веселиться;
эл шатырап үйүндө, эртели-кеч базардай стих. люди в доме шумно веселятся, с утра до вечера (так оживлённо), как на базаре.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Шатыр-шатыр этүү. Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап, Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Шатырап күйгөн арча отун.
2. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу. Балдар шатыраган бойдон тоону көздөй бет алышты (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Шатыр-шатыр этүү. Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап, Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Шатырайт жамгыр жаагандай, Аягы катуу мөндүрлөп (Рыскулов). Шатырап күйгөн арча отун. 2. Төгүлүү, агылуу, биринин артынан бири куюлуу. Эшикте шатыраган жамгыр. 3. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу. Балдар шатыраган бойдон тоону көздөй бет алышты (Таштемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от шатыра- II;
шатыратып жамгырын, асманды булут чүмкөгөн стих. тучи, окутав небо, льют дождь;
жаан шатыратып куюп турат дождь льёт как из ведра; идёт проливной дождь;
катты шатыратып окуп чыгышып (они) быстро прочитав письмо.