Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Шатыр-шатыр этүү. Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап, Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Шатырайт жамгыр жаагандай, Аягы катуу мөндүрлөп (Рыскулов). Шатырап күйгөн арча отун. 2. Төгүлүү, агылуу, биринин артынан бири куюлуу. Эшикте шатыраган жамгыр. 3. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу. Балдар шатыраган бойдон тоону көздөй бет алышты (Таштемиров).