ШАТЕКТЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бири-бирине байлаштырып, тизип коюу. Аттын баарын шатектеп, Кермеге байлап саласың («Семетей»). 2. Көп, мол, биринин артынан бири. Эсенгелди жайында кекилик атып келсе, Кышында эски кырманга тузак тартып, чилди жөн эле шатектеп кармоочу («Жаш ленинчи»).