Киргизско-русский словарь Юдахина
шатыра I
1.: шатыра-шатман весёлый, радостный;
шатыра-шатман күл- разразиться весёлым смехом;
2. бодро, быстро.
шатыра- II
1. трещать, будто дробь рассыпать; барабанить (напр. о дожде);
шатырап жааган жаан дождь, льющий крупными каплями;
2. шумно веселиться;
эл шатырап үйүндө, эртели-кеч базардай стих. люди в доме шумно веселятся, с утра до вечера (так оживлённо), как на базаре.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Шатыр-шатыр этүү. Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап, Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Шатырап күйгөн арча отун.
2. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу. Балдар шатыраган бойдон тоону көздөй бет алышты (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Шатыр-шатыр этүү. Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап, Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Шатырайт жамгыр жаагандай, Аягы катуу мөндүрлөп (Рыскулов). Шатырап күйгөн арча отун. 2. Төгүлүү, агылуу, биринин артынан бири куюлуу. Эшикте шатыраган жамгыр. 3. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу. Балдар шатыраган бойдон тоону көздөй бет алышты (Таштемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от шатыра- II;
шатыратып жамгырын, асманды булут чүмкөгөн стих. тучи, окутав небо, льют дождь;
жаан шатыратып куюп турат дождь льёт как из ведра; идёт проливной дождь;
катты шатыратып окуп чыгышып (они) быстро прочитав письмо.