Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш. Тарыхтын закондору. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков).
  1. 2.                  Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы.
  2. 3.                  Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. СССР элдеринин тарыхы. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы.
  3. 4.                  Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы.
  4. 5.                  Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы; алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү Маалим болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалим (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш. Тарыхтын мыйзамдары. Тарыхты жамандап жаман кылбайт киши, Тарыхты түзгөн миллиондогон кишилердин иши (Шүкүрбеков). 2. Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж. б. жалпы жыйындысы. Өткөн иштин баарысы, Тарых болот турбайбы (Барпы). Турмуш тарыхы. 3. Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим. Жаңы тарых. Байыркы дүйнөнүн тарыхы. Кыргызстандын тарыхы. 4. Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу. Кыргыз искусствосунун тарыхы. Тилдин тарыхы. 5. Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы, алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо. Баары журтка белгилүү, Маалым болгон тарыхым (Тоголок Молдо). Муслимахундун тарыхы баарыга маалым (Жантөшев). Окуучулар! Жаш Эшимдин тарыхын, Айтпасам да билесиңер аныгын (Токомбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – тарыхый, илимий, көркөм же башка баалуулукка ээ, мамлекеттин жана коомдун өнүгүшү, элдин жашоосундагы тарыхый окуялар менен байланышкан материалдык жана руханий чыгармачылыктын чыгармасы. КР жана анын субъектилеринин менчик карамагында турган Т. ж. м. э. мамлекет тарабынан корголот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
исторический;
тарыхый окуялар исторические события;
тарыхый материализм исторический материализм;
тарыхый роман исторический роман;
Улуу Октябрдин бүткүл дүйнөлүк тарыхый мааниси всемирно-историческое значение Великого Октября.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Тарыхка (1, 2, 3, 4-маанилери боюнча) таандык. Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр.
  1. 2.                  Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар.
  2. 3.                  Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. Партиянын тарыхый чечимдери.
  3. 4.                  Тарыхта болгон окуяларга, тарыхтын фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар.
  4. 5.                  Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы.
  5. 6.                  Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон; түбөлүк эмес, өтүп, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тарыхка таандык. Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр. 2. Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар. 3. Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. 4. Тарыхта болгон окуяларга, тарыхый фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар. 5. Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы. 6. Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон, түбөлүк эмес, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МААНИДЕГИ ЖЕР – өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин катмарына кирген жер; ага тарыхый-маданий коруктар, эстелик жайгашкан сейилбактар, көрүстөндөр, археологиялык жайлар кирет. КР аймагында жайгашкан тарыхый жана маданий эстеликтер мамлекет алдындагы жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан корголот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРЫХЫЙ ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин чечмелөө, чечмелөөчү ченемдин мазмунун анын мурдагы иштеп жаткан же аны иштеп чыгууга байланыштуу даярдык көрүү материалдары менен салыштыруу, окуп-үйрөнүү зарылдыгы болгон учурларда келип чыгат. Ошентип, тигил же бул конституциялык ченемдердин маани-маңызы жана мазмуну мамлекеттин конституциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу иштерин чагылдырган материалдарды талдоого алуу жолу менен аныкталат.