көрө I ир. то же, чтокумган; мойнуңуздун жоону чай кайнаткан көрөдөй стих. толщина вашей шеи подобна кумгану. көрө II деепричастие от көр- III по сравнению; вместо того, чтобы; андан көрө мектепке бар вместо этого ты (лучше) в школу иди; жоктон көрө жогору (это) лучше, чем ничего; барып алып бу көрө, Жакыпка кабар берейин фольк. чем так, лучше я отправлюсь и дам весть Джакыпу; өлгөнүм жакшы бул көрө, өз олжомдон кем калсам фольк. лучше мне умереть, чем остаться без добычи (т.е. быть обделённым).
Ичи тарлык кылуу, ичи күйүү, ыраа көрбөө. Көрө албайсың жардынын, Жакшы ат таап мингенин (Токтогул). Пейли жаман тууганың, Беш кой күтсөң көрө албайт (Осмонкул). Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт (макал).
Адатта Амир Темир көрөгөн деген Темирландын бир атында кездешкен бул сөз биз ойлогондой «көрөгөч» деген маанини билдирбейт. Түрктөшүп кеткен монголдордун барлас уруусунан чыккан Амир Темирдин элинин тилинде күйөө бала «гурган» деп аталат жана кыргыз тилинде жогоркудай болуп өзгөргөн. Ал эми амир деген титул арап тилинен кирип, «бек» дегенди билдирет.
Салт боюнча, Чыӊгыз хандын тукумдары гана такка отура алгандыктан, Амир Темир аларга күйөө бала болуп, иш жүзүндө бийликти өзү кармаган жана өзүн «амир Темир гурган» деп атаган. Согушта жарадар болуп, аксап калгандыктан, түрктөр аны Аксак Темир, перс тилдүүлөр Темирлан (ленг «аксак») деп аташкан. Европалыктар Тамерлан дешет.
сын. 1. Көзү курч, көрөнөөк. Көрөгөч менен жер тыңшар, Жел жетпес менен үч Маамыт Жибек торду алды эле («Эр Төштүк»).
2.өт. Кыраакы, көсөм, билгич. Алп мүчөлүү кең далы, Иш кыйшыгын көрөгөч Балбаныма кубанам (Осмонкул). Айланасында болуп жаткандарды жакшы байкаган, анын кыраакы,, көрөгөч киши экендиги көрүнөт («САЖИ»).
1. Көрөнөөк, көзү курч. Көрөгөчү Мамыты, Төгөрөктүн төрт бурчун, Бекем тиктеп калды эми («Эр Төштүк»). 2. өт. Аркы-беркини мыкты баамдагыч, кыраакы, билгич, көсөм. Уулум көрөгөч, кыраакы, чукулунан сөз тапкан, акылдуу болду.
сын. 1. Көзү курчтук, көрөөнөктүк. Сен мага караганда жаштык, көрөгөчтүк кылдың. 2.өт. Кыраакылык, алдын ала билгичтик, сезгичтик. Лениндин көрөгөчтүк менен айткан ойлору, биринин артынан бири турмушка ашты («Кыргызстан пионери»).
1. Көзү курчтук, көрөнөөктүк. Сен мага караганда көрөгөчтүк кылдың. 2. Кыраакылык, алдын ала биле коймойу бар, сезгичтик. Чоң атамдын көрөгөчтүк менен айткан ойлорун биринин артынан бирин башыман өткөрдүм («Кыргызстан маданияты»).
Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, «буга караганда», «буга салыштырганда» деген маанини билдирет. Шамдан көрө терезеден түшкөн айдын шооласы жарыкты алда канча көп бергидей («Чалкан»). Андан көрө Каныбектин өмүрүн тиле (Жантөшев). Бизден көрө сен көптү көргөн, көптү билген адамсың («Ала-Тоо»).
Жек көрөт, жаман көрөт, кергүсү келбейт, жакшылык кылайын деген ниети жок. Орозкул болсо, бизди көрөйүн деген көзү жок (Айтматов). Барган сайын кыжыры кайнап туттугуп, экөөбуздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок, атамдын (Акматов). Ошентип бизди көрөйүн деген көздөрү жок (Айтматов). Мурда эле бизден жатыркап жүрүштү эле, эми көрөйүн деген көздөрү жок (Айтматов).
Жек көрөт, жаман көрөт, көргүсү келбейт, жакшылык кылайын деген ниети жок. Орозкул болсо, бизди көрөйүн деген көзү жок (Айтматов). Барган сайын кыжыры кайнап туттугуп, экөөбүздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок, атамдын (Акматов). Атам экөөбүз токмок жегенден бери буларды көрөйүн деген көзүм жок (Абдукаримов).
~: бул көрөкчө или мындан көрөкчө (при выражении недовольства) лучше, если бы; если так, то лучше бы; бул көрөкчө келбей эле койсомчу в таком случае мне уж лучше было и не приходить; андан көрөкчө мага бир жакшы ат бергиле вместо этого вы лучше дайте мне хорошую лошадь; Коконго бүлүк салбагын, а көрөкчө, кулунум, тогуздап күлүк камдагын стих. ты Коканду разгрома не учиняй, лучше, мой жеребёнок (см.кулун), приготовь девятку скакунов; эгин себүүдөн көрөкчө жайдыр-кыштыр тоо таянып, мал багууну артык көрүшкөн сеянию хлебов (киргизы) раньше предпочитали зимой и летом пастьбу скота в горах.
сын. Көрөгөн, көзү курч. кыраакы. Ажыратып тааныш үчүн, демек, Көрөнөөк көз, уганаак кулак керек (Борбугулов). Айбандар адамдарга караганда түнкүсүн көрөнөөк болот (Каимов).
Тез көрө койгон, көрөгөчтүгү бар, көзү курч, баамдагыч, кыраакы. Айбандар адамдарга караганда көрөнөөк (Каимов). Журналисттердин көзү көрөнөөк, кулагы уганаак болуш керек (Бөлөкбаев).
закваска для кумыса; көрөңгө жаңырсын! (здесь попили) идёмте к другим на кумыс!; көрөңгөсү бар состоятельный, зажиточный; көрөңгөсү жок бедный; не имеющий запасов.
зат.1. Кымыз, бозо. максым сыяктуу тамактардын ачыткысы, аларды ачытуу үчүн калтырылган бөлүгү.
2.өт. Негиз, жук, кудурет. Оокат тиричиликтин көрөңгөсү түгөнүп, барган сайын жакырлана баштадык («САЖИ»). Ары жагында көрөңгөсү жок болгон соң, куру бекер күчөнүп ырдайм дей бергендин пайдасы барбы («Ала-Тоо»).
1. Кымыз, бозо, максым сыяктуу суусундук ачыткысы, жаңы куюлганын ачытуу үчүн калтырылган кору. 2. өт. Бир нерсенин негизи, түпкү маңызы, дараматы. Оокат-тиричиликтин көрөңгөсү түгөнүп, барган сайын жакырлана баштадык («Ала-Тоо»). Көрөңгөсү жок байкуштун колунан эмне келмек («Чалкан»).
1. (о кумысе) имеющий закваску; көрөңгөлүү идиш сосуд с кумысной закваской; көрөңгөлүү кымыз кумыс в изобилии (закваска которого не иссякает); 2. перен.то же, чтокөрөңгөсү бар (см.көрөңгө).
сын.1. Көрөңгөсү жетиштүү, көп. Көрөңгөлүү саба. Көрөңгөлүү бозо. 2.өт. Жуктуу, оокаттуу, жетиштүү. Бизге караганда алар [Тешебайлар] көрөңгөлүү, оокат-тиричилиги жуктуу («САЖИ»)
1. Арбын, көп болуп жайылган, көбөйгөн. Көрөңгөлүү кымыз. Көрөңгөлүү бозо. 2. өт. Колу жуктуу, оокаттуу, жетиштүү. Бизге караганда Тешебайлар көрөңгөлүү, оокат-тиричилиги жуктуу («Ала-Тоо»).
зоркий, прозорливый; биздин родинабыздын ыйык чек араларынын көрөөгөч сакчылары зоркие стражи границ нашей родины; көзү көрөөгөч с острым глазом; көзү көрөөгөч Мамыттан да көрөөнөк он более зорок, чем Мамыт с острым глазом; көрөөгөч көзүн сендейдин, көрбөс кылып, оёбуз фольк. острые глаза у таких, как ты (т.е. у тебя), мы вырвем, сделав невидящими.
Эң жакшы көргөн, өтө жакын санаган, ардактап сүйгөн, билерман (көбүнчө аялга карата). Касымбектин босогосун аттаган сайын үйүндөгу иреттүүлүк бектин көрөр көз айымы Айымкандын тескегенинен улам экендигине ынанууда (Бейшеналиев). Көрөр көз билерман Баякенин бүтүмүнө Шабдан баатыр эч нааразы боло элек (Бейшеналиев).
Эң жакшы көргөн, өтө жакын санаган, ардактап сүйгөн, билерман (көбүнчө аялга карата). Касымбектин босогосун аттаган сайын үйүндөгү иреттүүлүк бектин көрөр көз айымы Айымкандын тескегенинен улам экендигине ынанууда (Бейшеналиев). Көрөр көз билерман Баякенин бүтүмүнө Шабдан баатыр эч нааразы боло элек (Бейшеналиев).
Жашай турган өмүр, тиричилик. Тайбаскул чунактын дагы көрөр күнү бар экен, ээ...! (Осмоналиев). В.: Көрөр күн, ичер суу. Көрөр күн, ичер суусу бар экен, бечаралар өлдүм-талдым дегенде Караколдун четине жетишти (Ашымбаев). Көрөр күн, ичер суум бар экен, эшикке чыгып кылдырап басып калдым (Жусупов). Көрөйүн деген күн. Менин дагы көрөйүн деген күнүм бар (Осмоналиев).
к. КӨРӨР КҮН
Көрөр күн, ичер суусу бар экен, бечаралар өлдүм-талдым дегенде Караколдун четине жетишти (Ашымбаев). Көрөр күн, ичер суум бар экен, эшикке чыгып кылдырап басып калдым (Жусупов).
Өмүрү, жашоо-тиричилиги аяктоо, күнү бүтүү. Чыны эле көрөр күн, ичер суум түгөнөбү? (Осмоналиев). Кол баштан нечен казатта жүрүп, соо калган карт баатырдын көрөр күнү, ичер суусу түгөндү (Айтматов).
Өмүрү, жашоо-тиричилиги аяктоо, күнү бүтүү. Чыны эле көрөр күн, ичер суум түгөнөбү? (Осмоналиев). Кол баштап нечен казатта жүрүп, соо калган карт баатырдын көрөр күнү, ичер суусу түгөндү (Айтматов).
величественно-красивый; (о человеке) дородный и статный; көрөсөн тоо величественная гора; көк тулпардын үстүндө көрөсөн Бакай олтурат фольк. на сером скакуне сидит дородный Бакай.