Киргизско-русский словарь Юдахина
кырк I
1. сорок;
кырк сом сорок рублей;
кырк күн сорок дней;
кырк жыл сорок лет;
кыргыздыкы кырк жылда (или жылга) погов. киргизское - сорок лет (по старым киргизским установлениям срока давности не было, а поэтому напоминать или требовать можно было всё время, и даже через сорок лет);
2. сорок дней после родов;
3. этн. сорочины, сороковины (поминки на сороковой день после смерти; в некоторых местах южной Киргизии справляются на двадцатый день после смерти);
кырк ашын берип өткөрдү он справил сорочины;
4. (точнее кырк чоро) сорок витязей-сподвижников глазного богатыря;
кырктан чыккан баатыр знаменитый витязь, славный богатырь (букв. богатырь, превзошедший сорок богатырей);
кырк көйнөк этн. рубашечка, которую мать надевает ребёнку на сороковой день после рождения;
кырк челпек этн. сорок лепёшек (которые пекут в день надевания на младенца кырк көйнөк в юрте роженицы и раздают сорока детям);
тегирмендин кырк аягы (или ит аягы) лопасти мельничного колеса;
кырк чилтен см. чилтен;
кырк кыз см. кыз.
кырк II
кырк-кырк подражание щёлканью (напр. на счётах).
кырк- III
1. стричь; отсекать, пересекать (напр. прут); перерубать;
кой кырк- стричь овец;
багын кыркып кыйратып, баары жогун ыйлатып фольк. вырубив его сад и разгромив, всех довёл до слёз;
ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт погов. тот, кто пёстрых овец стрижёт отдельно, шерсти вдосталь не получит (стрижёт пёстрых овец, отделяя шерсть одного цвета от шерсти другого цвета);
ала койду бөлө кырк- перен. относиться не ко всем одинаково, миловать одних, обижая других;
ала койду бөлө кыркпай, элге тегиз кара относись ко всем людям одинаково, не дели на сынков и пасынков;
2. южн. (в картах) снимать;
мен кыркам я буду снимать, я сниму;
о верблюде при определении возраста по зубам: бир кырккан четырёхлетний, эки кырккан пятилетний, үч кырккан шестилетний и. т. д.;
чыбык кырк- см. чыбык 1;
чач кырк- см. чач I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сан. 40 саны, эсеби. Эр Төштүк аткан бугудан, Оң бутка илди бир кыркты, Сол бутка илди бир кыркты («Эр Төштүк»).
Кыркын берүү — кырк күн өткөндө мал союп өлгөн адамды эскерүү. Кырк чилтен к. чилтен. Кырк аяк к. аяк.
КЫРК II этиш. Туурасынан кесип таштоо, жүн сыяктуу нерселерди түбүнөн кесүү. Чоң араа жок, чочубагын кыркпаймын, Ак балта жок, анык ишен жыкпаймын (Калык). Ар бир коюн кыркканда, Төрт жарым кило жүн алган (Осмонкул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК — эпосто көбүнчө сыйкырдуу мааниде кездешүүчү эпикалык сан. Мунун пайда болушу байыркы мезгилдерде адамдардын табият жана коом кубулуштарына, кереметтүү, укмуштуу көрүнүштөргө түшүнүү аракеттеринде сырын чече албаган нерселерди таасирдүү дух, касиеттүү күч катары кабылдоолордун үрп-адатка айланышы менен байланышкан. «Манаста» сөз сыйкыры (магиясы) сыяктуу эле сан сыйкыры кеңири тараган (мисалы, үч, жети, тогуз жана башкалар). Бирок, мында «кырк» деген сандын өзгөчө учурлары бар. Барыдан да анын кыргыздардын этногенезисинин («кыргыз») чечмелениши менен чиеленип турушу өтө кызыктуу. Ал эми жалпы алганда ар түрдүү жагдайларда колдонулган «кырк» саны эпосто кыргыз элинин байыркы мезгилдердеги тарыхынан бери карай турмуш-салтынан, дүйнө түшүнүмдөрүнөн ачык кабар берет.
Эпостун окуясы кырк үйлүү кыргыздын Алтайга айдалып барышы менен башталат. Алардын турмуштары оңолот. Байлыгы ташыган Жакып баласынын жоктугуна арман кылат. Бир күнү түш көрүп, аны байбичесине айтат. Байбичесинин түштү жорутуп, кырк бээ союп, бата алалы дегенине Жакыптын ачуусу келет. Манас төрөлгөндө талаада жүргөн Жакыпка «сүйүнчүгө кырк киши кетти чапкылап» Акбалтанын аялы Сулайка күйөөсүн үгүттөп мындай дейт:
Кызыр чалган бай Жакып,
Кырк кара боз байлаган,
Кырк жылкыдан бирди албай,
Сенин кандай шоруң кайнаган (Сагымбай Орозбаков, 1. 62).

Албетте, жогоруда айтылган «кырк» деген эпикалык сандын колдонулушу эч качан кокус жеринен болгон эмес. Казак окумуштуусу А. Маргулан: «Кырк — элге салт болгон касиеттүү сан — күчтүүлүктүн, биримдиктин белгиси. «Кырк уруу эл», кийинчерээк феодалдык коомдогу «кырк нөкөр», «кырк дос», «кырк чоро», «кырк вазир» деген туюнтмалар адегенде уруу башчыларынын чыгаан бир адамдын тегерегине топтолуп, биригишин билдирет», — дейт (К. Мухаметканов. Феникс — «Манас» жана Мухтар Ауэзов. «Ала-Тоо», 1988, № 8, 103-б.). Манастын бүткүл «таржымалы» бул айтылганды толук ырастайт. Манас бала кезинен ашкан тентек чыгып, Чоң Жинди аталып, аны катыксын, тартипке келсин деп Ошпур койчуга кошуп бергенде, ал анын тилин албай, өз билгенин жасайт.
Бир күнү Манас кабылан
Оолугуп токтобой
Кырк үйлүүдөн кырк бала
Кыйбатын жыйып алыптыр
Чоң Алтайдын талаага
Чогулуп оюн салыптыр (Саякбай Каралаев, 1. 59).
Алар ошентип ойноп жатышса, кара калмак манжуудан 15 —16 жаштардагы 80 бала келип, улуу сымагы «кызыталак бурут, тентип келген бурут» деп кордоп, уруп-токмоктоп киришет. Мына ушунда Манас «кыргыздап» ураан чакырып, туур качырып кирип, кезиккенин жанчып, койгулаша кеткенин кокосун жулуп, жалпы эле калмакка бүлүк саларда атасы бай Жакып алдынан чыгып, арачалап калат. Күндөрдүн биринде Манас кырк баласы менен сайран куруп, койлорду каалагандай союп, этине эркин тоюп, Кең Алтайдын баткалда катуу уктап жатканда жылкычы алпы Канжаркол келип аларга бүлүк салат. Кырк баланын кыйсыпырын чыгарат. Мында да Манас калтаарып калбастан, өзүнүн эпчилдиги, мыктылыгы, эрдиги менен өзү келип тийген «балбанды союп жай кылат». Анан өзүнүн жолдошторуна карап мындай дейт:
Атаңдын көрү кырк бала,
Айтканым менен болуп бер,
Тегерете конуп бер,
Мага чоро болуп бер! (Саякбай Каралаев, 1. 66).

Жогоруда келтирилген мисалдардан дегеле Манастын келечеги үчүн ушул кырк үйлүү кыргыз, кырк бала чоң демөөр, уютку, кубат болгондугу ачык байкалат. Мында барыдан да кырк баланын кырк чорого чоктолуп жатышы алдыдагы албан иштерден үмүткөр кылат. Чынында да, кийин Манаска өбөк, жөлөк болуп, асыресе анын аскердик ийгиликтерин, рухун, согуштук жеңиштерин камсыз кылууда алар (к. Кырк чоро) зор роль ойногондугу белгилүү.
Манас Чегебай деген бала менен козуларды кайтарып жүрсө, бир карышкыр келип, бир козуну баса калып, куйругун жулуп алат. Манастын кыжыры кайнап, «кулагынан алайын, өлбөгөн жерде калайын» деп карышкырга чуркап барса, ал козуну көтөрө качып, кырды ашып кетет. Козунун каны менен Манас артынан кууп:
Жетип барып караса,
Аттары бар канаттуу
Адамдан башка сапаттуу
Аргымак бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен,
Бир үңкүрдө кырк киши,
Бир өтөктө жык киши (Сагымбай Орозбаков, 1. 113).

Баягы жартысын карышкыр аймап таштаган козу бүтүн, жанында байланып, маарап турат. Буга Манас абдан айран таң калат: Мунун жөн-жайын, сырын сурап келгенде:
Адамдар анда кеп айтат
Аңдап көр, балам, деп айтат.
— Бөрү болгон биз деди,
Бөлөкчө жансыз сиз деди,
Кызыр Ильяс деген бар,
Сизди кырк күндөн бери издеди,
Кырк чилтен деген биз деди,
Козуңа салган тиш деди (Сагымбай Орозбаков, 1. 114).

Бул жерде К. санынын сыйкырдуулугу ачык байкалып турат. Мында кеп, албетте көчмөн элдин салтына, көзгө көрүнбөй кубулуп жүргөн, адамдардын асыресе баатырлардын жандоочусу, жолдоочусу болуп, болочок тагдырына чоң мааниге ээ болгон, кыйын кезеңге туш болгондо, кысталышта жардамга келип, колдоп, сүрөөнгө алып келген ыйык заттар Кыдыр, Кызыр, Кызыр Илияс (к. Кызыр Илияс) кырк чилтендин (к. Кырк чилтен) бөтөнчө жан катары, «Манасты самап, кастарлап, келечегине бир эске алынуучу нерсе: Мына ушулардын кылган иш-аракеттеринде кырк деген сандын аралашып, ажырагыс болуп жүргөндүгүндө. Бул асыресе Кыдыр Илиястын Манасты кырк күндөн бери издегенин, ага минтип кырк чилтендин өздөрү келип таап олтургандыктан ачык көрүнөт. Кыргыз элинде илгертен бери: «кырктын бири кыдыр, миңдин бири олуя» деген сөз жашап келген. Бул канчалык сан көп болсо, ынтымактуулукка ылайык, анын ичинен мыкты, жакшы нерсе артык болот деген практиканын натыйжасы экендиги белгилүү. Дегеле кырк дегендин күчтүүлүктү, дараметтүүлүктү, кубаттуулукту туюнтушу да ушуну менен байланышкан. Мисалы, Жакып баш болуп, кыргыздар Каныкейге кудалап барышканда, Каныкейдин атасы Атемир конокторду тосуп, сый-урмат көрсөтөт:
Кырка тиккен кырк үйү,
Кызмат кылды кырк бийи,
Кошо келген кырк нөкөр,
Кошулушун карап көр (Сагымбай Орозбаков, 2. 417).

Мындан Атемирдин ашып ташкан дүнүйөсүн адептүү каада-салт гана эмес, анын дөөлөтүн да элестетүүгө болот.
Эпосто кырк чоро барыдан мурда Манас баатырдын сөөлөтүн, кадырын, бийлигин, баркын элестетет. К. деген сандын эпосто жөнөкөй эле мааниде колдонулган учурлары да өтө көп. Алсак, «Анжыяндын кырк эшен, кырк эшенге барды эми», «Кызыл ала кылсамбы, кырдан кырк теке аткан мергендей», «Кызматка кыркты тургузду», «Кырк чанач кымыз киргизди», «Кырк миң дилде алышар», «Кырк күн оюн, кырк түн тоюн өткөрүп» жана башкалар Бирок, булардын баары, кантсе да, кокустук көрүнүш эмес. К. деген сандын түпкү сыйкырдуу катары кабыл алынып, аң-сезимге кеңири орношу анын мына ушундай кеңири пайдалана беришине да шарт түзгөн.
О. Исмаилов

Киргизско-русский словарь Юдахина
ряд;
кырка тиккен үй юрты, поставленные в ряд;
кыргыздын боз үйлөрү кырка тигилген киргизские юрты были расположены в ряд;
кырка тартып кон- (о юртах) расположиться рядами;
тоо кыркасы горный хребет;
кыркасы менен всех подряд, всех до одного;
кырк жигитти бир бирден кыркасы менен кармаган фольк. он изловил сорок джигитов по одному, всех до одного;
баарысы менен беттештим, кыркасы менен жыгылган фольк. со всеми ими я схватился в поединке, все до одного мною побеждены;
кырка тарткан жар яр, вытянувшийся вдоль;
кырка башы верхний край; верхняя кромка;
шайы көшөгө, анын кырка башына сайылган сайма шёлковый занавес, по верхнему краю его вышивка;
кырка-кырка рядами;
учку элдин учуна, кырка элдин кыйрына кетти см. учку.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыркаар I
ряд;
сууну кыркаар тартып кечтик мы переправились через воду; расположившись рядами (наискось по течению);
кыркаар тарт- вытянуться в ряд;
кыркаар тартып чубаган, кол келатты дуулаган стих. вытянувшись в ряд, один за другим шло шумное (большое) войско.
кыркаар II
настриг;
кыркаар көбөйсүн! да увеличится настриг! (пожелание стригущим овец).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кырка, кыркалай тизилип турган, катар-катар тизилген. Эң алдында кыркаар тарткан танк («Ала-Тоо»). — Жаңы полк!тизил түптүз! Шаңданып, кыркаар тартып алдыга жүр! (Турусбеков).
КЫРКААР II зат. Кыркылып жаткан жүн. — О, кыркаар көбөйсүн!деп, Темиров обочодон айтканда:Айтканыңыз келсин!дешип кой кырккандар чуулдашты (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кыркалап или кыркалай вытянувшись в ряд;
кыркалай таккан түймө пуговицы, расположенные в ряд;
кыркалап тоону чалды эми, кыйла жерге барды эми фольк. вот он обследовал все горы, во многих местах он побывал;
кыркасын кыркалай жүрүп идя поперёк хребтов; пересекая хребты;
Ысык-Көлдү кыркалап двигаясь по берегу (по кромке) Иссык-Куля.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кыркала-;
кыркалата тиккен боз үйлөр юрты, поставленные в ряд;
көкүрөгүнө кыркалата кадалган өңкөй он беш тыйындык күмүштөр на груди её нацеплено в ряд исключительно пятнадцатикопеечное серебро (серебряные монеты).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК-ЖИГИТ-АРЫК — Бакай-Ата районунун аймагындагы 10-кылымда курулган байыркы каналдын нугу. Каракоюн суусунан башталып, тоо боору менен Талас өрөөнүнө чыгат. Арыктын узундугу 10 км, туурасы 1,2 м, тереңдиги 1 м, жылмакай таштар менен кынапталып алебастар менен бекитилип оңдолгон.
К.-Ж.-А. менен Кырк-Кыз-Арыктын тарыхы жөнүндө эл оозунда төмөнкүчө уламыштар айтылат: «Семетейдин жигиттери Үрмарал суусунун жээгине оюн-зоок курушат. Кезек күч сынашуу оюнга келет. Кыздар Бакай карыяга кайрылып калыс болуп берүүсүн суранышат. Акылман карыя Үрмарал суусунун сол тарабынан кыздар, оң тарабынан жигиттер арык казып, сууну өрөөнгө кайсыл тарап мурун чыгарса жеңиш ошолордуку болорун айтат.
Эки тарап күндөп-түндөп иштешет. Кыз-келиндер амалдуулук кылып, теңи иштеп, теңи кылактап жигиттерди азгырып, алаксытышат. Кыздар арык казууну бир жума мурун бүткөрүп жеңишке ээ болушат».
О. Береналиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туурасынан кесип таштоо, жүн сыяктуу нерселерди түбүнөн кесүү. Чоң араа жок, чочубагын кыркпаймын, Ак балта жок, анык ишен жыкпаймын (Калык). Ар бир коюн кыркканда, Төрт жарым кило жүн алган (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Жаңы төрөлгөн ымыркай бала кырк күнгө толгондо, анын кыркын чыгарып, ырымдап кийгизилген курак көйнөк. Кырк атаңдын жөрөлгөсү, Ата-энеңдин өбөлгөсү («Манас»). Айылдын аялдары чогулуп, ымыркайга кырк көйнөк кийгизип, ырымын жасашты («Кыргызстан маданияты»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК-КЫЗ-АРЫК — Талас өрөөнүнүн түштүк батыш тарабындагы тоо этектей курулган байыркы канал (10-к.). Каракоюн менен Үрмарал суулары кошулган жерден башталат. Ал жерден каналды бөгөгөн сыпайдын калдыгы табылган.
Үрмарал суусунун сол жээгин бойлоп, Ленинполь кыштагына чейин созулат. Каналдын боюнан 10—12-кылымдагы Үрмарал 1 жана 2 деген эки шаардын чалдыбары табылган.
Эл оозунда К.-К.-А. менен Кырк-Жигит-Арык туурасында уламыштар айтылат. КЫРК ЧИЛТЕН (иран - кыргыз сөзү) — мифологиялык түшүнүктө адамдын көзүнө көрүнбөгөн, укмуштуудай касиетке ээ болгон жакшылык кылуучу дух. «Кырк» деген эпикалык сан жеке кыргыз элинин фольклорунда эмес, Орто Азия менен Алдыңкы Азиянын элдеринин фольклорунда да салттык түрдө туруктуу айтылат. Бул сандын түпкү теги байыркы иран мифологиясындагы «чилтан» («чил» — кырк, «тан» — киши, — «кырк колдоочу», «кырк сыйкырдуу олуя») деген түшүнүк боюнча пайда болгон деп эсептөөгө болот. Иран мифологиясы боюнча чилтен сыйкырдуу күчкө ээ болуп жана көрүнбөй адамдардын арасында жүрүп сүйгөн кишисин колдойт имиш.
«Манастын» бардык варианттарында К. ч. жөнүндө айтылат. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөн кезинде бир козуну (карышкыр) көтөрө качып асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Манас да бөрүнүн артынан кошо кирип:
Жетип барып караса
Аттары бар канаттуу,
Адамдан башка санаттуу,
Аргымак, бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен
Бир үңкүрдө кырк киши (Сагымбай Орозбаков, 1. 113) турганын көрөт.

Алар өздөрүн К. ч-биз деп тааныштырат. «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган К. ч. Манас баатырга дайыма колдоо көрсөтүп коргоп жүргөнү мындайча сүрөттөлөт:
Кайып эрен — кырк чилтен
Канкор эрдин жолдошу.
Кырк чилтендин бирөөбү
Ажыдаар болуп сойлошуп
Кабылан бири, бири шер
Кашында бар сексен төрт
Бири миңге тийген эр (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).

Бул жерде чилтендердин түпкү теги тотемдик түшүнүктөр менен байланыштуу экенин айта кетүү керек. Уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон тотемдик түшүнүктөр, башкача айтканда уруулардын тотеми көбүнчө жырткыч айбандардан болгон. Кыргыз элинде бул тотемдер (бөрү, жолборс, илбирс) небак унутулуп, эпикалык салттарда гана элдик баатырлардын колдоочусу катарында сакталып, алар да өзүнүн милдетин мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына (чилтен, кызыр, шайык, шаймерден жана башкалар) алмашыла баштаганын «Манас» эпосунун мотивдери далилдеп турат. Эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө К. ч., шаймердендердин колдоосу менен аман калат.
И. Молдобаев. С. Алиев

Киргизско-русский словарь Юдахина
резаный; стриженый; приготовленный путём резки, стрижки;
кыркма тал тальник со срезанными верхушками;
кыркма сакал подстриженная борода;
кыркма кесме коротко нарезанная лапша;
кыркма чай род чая.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Кыркылган, уч жагы кыркып ташталган, кыркыла турган. Акман.. жээрдени.. дарбазанын оң босогосундагы кыркма талга байлоочу (Сыдыкбеков). Түгөл.. Васильевдин кыркма мурутунан көзүн айырбай туруп... сүйлөй баштады (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Муунак-муунак болуп чыккан отоо чөп, жүлгүр. 2. Мууналып керге кесилген жер, шакекче түрүндө кесилген кертмек. Мамынын башкы муунагында жылкынын кылы менен байлап койгон булгаары бар («Эр Табылды»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧИЛТЕН, Кырк чилтан — Баткен районундагы туш тарабын дайра, тоо курчап ат чабымдай аралды элестеткен Коргон айлына кире бериште орун алган коор жай (бейит) мазар. Ал жерде жалгыз түп гүлсовгар (дарак) гүлдөп турат. Эл ошол жерди Манастын кайыбынан берген кырк жигитинин бейит мазары деп касиеттүү көрүп, ыйык эсептешет.
Ал эми түпкү теги тотем (бөрү, жолборс, илбирс) менен байланышкан чилтендин жана башкалар образдары мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына айланганын «Манас» эпосунун айрым мотивдери аныктап турат. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон учурда көбүнчө чилтендердин колдоосу менен аман калат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
миф. кырк адам, кырк колдоочу. Адамдардын көзүнө көрүнбөгөн, сүйгөн кишилерин колдоп, жакшылык кылуучу касиеттүү пир, колдоочу. Кырк чилтен кайып эр урсун («Манас» С. О.). Атасын тарткан эр Семең, Актулпарды чуратып, Жардын башын уратып, Жайнаган сууга кирди эми. Колдогону кырк чилтен, Колтугунан алыптыр («Семетей»). Бирде касиеттүү Капсылазам колдосо, бирде Кырк чилтен, бирде жакшылык ыроологон Жоламан колдоп, куттуу ордосуна көңүлү куунак кайтат (Субанбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧОРО — Манастын баатырдык кошуну, нөкөрлөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу. Ар башка варианттарда ар башка санда, айрым учурларда алардын аталыштары да ажырымдуу болгону менен негизинен элге кенен тараган саны кырк. Көпчүлүк учурда алардын баары тегиз саналбай негизгилери гана аталат да окуянын жүрүшүнө ылайык алар көпчүлүк учурда эпикалык каармандардын негизин түзөт. Кырк чоро айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Манас чоролору менен Каныкейге күйөөлөп барганда эки-үч жолу кайталанып толук саналат. Кырк чорого төмөнкү каармандар кирет: Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Кутунай, Каратоко, Мажик, Камбар уулу Чалик, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Каракожо, Бообек, Шаабек, Шүкүр, Алтай (албандардан), Төртай, Төлгөчү кара Төлөк, Токөтай, Калкаман, Элеман, Серек, Сыргак, Кошабыш, Эр Ыбыш, Алакен, Арстан Мажик, Чубак, Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Кербен, Дөрбөн, Бөгөл, Каратүлөө Кабыке, Жабыке, Бооке (Алоокенин уулу), Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту... Булардын ичинен жарымынан көбү туруктуу, дайыма аталган активдүү каармандар, ал эми акыркы он чактысы жалпы санга кирип аттары сейрек аталат да, айрымдары кээде башкача да атала берет.
К. Ботояров

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ — Манастан калган кырк чоро Семетейди жашсынтып, ага баш бербей, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык, тынч жашайлык деген шылтоо менен кытай жакка качып жөнөшөт.
Кырк чоронун күмбөзү (Кочкор өрөөнү).
Кырк чоронун күмбөзү (Кочкор өрөөнү).

С. Чокморов. Манас жоокерлери менен.
С. Чокморов. Манас жоокерлери менен.

Семетейдин аларды токтотууга жасаган аракети текке кетет. Кайра ага каршы согуш ачышат. Ошондо Семетей аларды кырып аларга күмбөз салдырат. Элдик уламыш боюнча ал күмбөздөрдү Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булак, Төрткүл жана Семиз-Белдеги кыркаланган көп күмбөздөр менен байланыштырышат. Күмбөздөрдүн курулушу 16—19-кылымдын аралыгында бийик босоголуу болуп курулган. Бышырылбаган кыш менен кынаштырылып курулгандыктан урап бүтүп, алардын чала ураган орду гана калган. Мындай архитектуралык курулуш салты Орто Азия элдеринде кийинки убакка чейин колдонулган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧОРОНУН ОРДОСУ — Кочкордун түндүк-батыш тарабындагы Кара-Тоонун үстүндөгү түздүк. Узун-туурасы бир гектардай болгон ачык жай, ордо ойногондой тегерек, ортосунда кан жайгашкандай кичинекей белгиси бар. Элдик уламыш боюнча кырк чоросу менен ордо ойноп жаткан Манас Шамшы айылы тараптан үрккөн жылкылардын алдын тороп Кара-Тоодон таш ыргыткан дешет. Ошол таштар ээн талаада, ар кайсы жерде (10дой) ар кандай көлөмдө (эң чоңунун туурасы —2, 5, узуну 3,5, бийиктиги 3 м) жатат. Мындан тышкары ошол ордо ойногон жайыктан ылдый «Манастын үңкүрү», анын жанында «Аккуланын жер чапчыган изи» жатат. Үңкүр топурак ташка толуп, орду эле калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от кырк-III;
кыркылган кой стриженая овца;
сакалың кыркылгыр! да будет твоя борода острижена! (до основания, что в старом быту не положено); бессовестный! (брань по адресу пожилого мужчины).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыркын I
1. стрижка;
кой кыркыны стрижка овец;
кой кыркынында на стрижке овец;
кыркын пункту стригальный пункт; пункт стрижки;
койдун кыркынында төрөлгөн бала ребёнок, родившийся во время стрижки овец;
2. этн. стрижка утробных волос ребёнка (на сороковой день по рождении).
кыркын II
парное к кыз (см. кыз 1).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыздын байыркы музыкалык аспабы. Кыргыздын ынтымагы ыдырап, жок болуп баратып, Бакайдын кеңеши менен кайра чогулуп, кырк уруудан бирден кыл апкелип тагып, анысын «Кырк элек» атап, анын алдында «ажырашпоого, бөлүнбөөгө» ант берген.