1. окровавить; 2. ист. смазать кровью, обмакнуть в кровь, окропить оружие или знамя кровью первого убитого врага или специально зарезанного животного; жөрөлгө ушул болсун деп, желектүү найза кандадык фольк. пусть, мол, это будет (хорошей) приметой, мы окропили кровью наши пики.
1. Бир жерин канатуу, кан чыгара коюп жиберүү, уруу. Кандап бетти тытпаңыз, Кара чачты жайбаңыз («Сейтек»). Булчуң эти буруюп, Кармаган жерин кандаса («Мендирман»). Рыскулбек датка балдары Кедейлерди келтектеп, Далайдын башын кандады (Токтогул). 2. Жоокерчиликтеги эски адат боюнча биринчи өлтүрүлгөн душмандын же атайылап союлган малдын канына жоо куралдарын же тууну малып, кан жугузуу, канга боёо. Шаркыраган канына Аккелте оозун малганы, Камдап алып мылтыкты, Кайра тартып калганы («Манас»). Жөрөлгө ушул болсун деп, Желектүү найза кандадык («Эр Табылды»).
мужские штаны из кожи горного козла (для эпического богатыря обязательны); төрө Манастан калган кандагай фольк. кожаные штаны, оставшиеся от господина Манаса; кара боюн тыңданып, кандагайын шымданып фольк. подтянув свой стан и заправив рубашку в кожаные штаны.
КАНДАГАЙ (моңголчо «кандага» — багыш) — тоо текенин, багыштын жана башкалар терисинен жасалып, баатырлар, балбандар жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка кийиш үчүн тигилген чалбар шым. Калың териден, булгаарыдан жасалып, кылыч, жебе өтпөй турган согуштук ат жабуу да К. деп аталат. К. кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып, шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамыш менен тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. «Манас» эпосунда да жоого кийчү кийим катары К-га кеңири көңүл бурулат.
Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшкөн К-дын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Аны тигиш үчүн Каныкей Анжыяндын ары жагы, Айым-Мүнсөк бери жагы Даңдуң - Баштын тоо текесинин териси калың болот деп угуп, Абыке баш болгон алтымыш мергенди атайы жөнөтүп, териге залал кылдырбай жалаң көзгө аттырып алат. Аны күндүн көзүн көрсөтпөй кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салып ашаттырат. Кайыптын кызы Арууке баш болгон токсон узга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Мусулман кандарынын кийген шымдарынын ичинен жалгыз ушул К. балбанга түшчү Кошойго бап келип, ыраазы болгон ал аны жасаган Каныкейге батасын берет. Ошол батадан Семетей бойго бүтөт. Эпосто К-га мындай олутуу көңүл бурулушу, анын түпкүлүгүндө тотемдик жаныбар менен байланыштуулугунда. Адепки учурда ал магиялык күчкө ээ шым катары эсептелген. Муну анын К. аталышы ырастайт. Алтай тилдеринин чоң тобунда багыш — кандага (эвенкиче), кандахан (манжурча), хандагай (моңголчо) деп айтылат. Якуттардын мифтик ишениминде Алып хандагай токойдун ээси, аңчылыкты колдоочу. Байыркы Сибирь элдернде Хандагай (багыш) кудай жаныбар — тотем болгон. Ошондуктан кыргыздардын көп учурлары ушул тотем жаныбардын атын алып жүргөн (сары багыш, кара багыш, чоң багыш, багыш). Тотемдик жаныбардын терисин кийген адам анын колдоосу менен жеңилбес күчкө ээ болот деген ишеним болгон. Ошондуктан арстан кебин кийген Рүстөм, Геракл сыяктуу эле Кошой да багыш терисинен шым кийгенде кебелгис күчкө ээ болуп, эч кимден жыгылбаган Жолойду жеңет.
Ы. Кадыров, М. Толубаев
Азыркы кыргыз тилинде балбандар, батырлар кийчү текенин терисинен жасалган жаргак шым кандагай аталат. Моңгол тилинде болсо хандгай сөзү орусча лосъ деген жаныбарды билдирет. Ушуга караганда алгач кыргыз тилинде да кандагай сөзү лосту билдирген. Бирок кийин андай жаныбар Тянь-Шанда жок болуп калганда, ал сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандар менен баатырларга кандагайдын терисинен шым тигип берүү мүмкүн болбой, анын ордуна текенин териси пайдаланылса деле, эски көнүмүш боюнча ал шымдын аты кандагай аталып кала берген.
1. Тоо теке, багыш сыяктуу териси калың жаныбарлардын терисинен эр сайышта күрөштө кийүүгө ылайыкталып жасалган чалбар шым. Кагышка балбан кийүүчү, Кандагай болду кийгени («Сейтек»). Жайы, кышы кийгени, Кандагай теке шым экен (Жантөшев). 2. Согушка кирүүчү аттын калың териден жасалган жабдуусу. Алтыным теке терисин. Сырттан кылган кандагай («Эл адабияты»).
1. как; какой; кандай болбосун так или иначе; кандай да болбосун как бы то ни было; какой бы то ни было; кандай гана болбосун любыми средствами; в любом случае; кандай болсо да 1) во всяком случае, при любых условиях, так или иначе; 2) хоть какой-нибудь; мейли кандай болбосун ладно, хоть какой-нибудь; кандай кылсаң да любым способом (ты); барганыбыз кандай, барбаганыбыз кандай? пойти нам или лучше не ходить? кимге кандай кому как, на чей взгляд; кандайдыр бир иш менен келсе керек он, нужно полагать, прибыл по какому-то делу; 2. с предшеств. прич. прош. вр. в местн. п. да ещё как!; билгенде кандай! да ещё как знает-то!; жакшы көргөндө кандай! да ещё как любит-то! кандайлык отвл. откандай; кандайлыгын билбеймин я не знаю, каков он (каково оно и т.д.); не знаю, что и почему; кандайлыктан почему, по какой причине; кандайлыктан талганым, билинбейт менин өзүмө фольк. почему я обмерла, мне самой невдомёк; Коңурбайдын айласы, кандайлыгын билгизди фольк. хитрость Конгурбая показала, каков он.
ат.1. Бир нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин билүү үчүн берилүүчү суроо. Искендер, дарманың кандай? (Турусбеков). Топозтун эти кандай болот, Медер ата?! — деди Акбар (Убукеев).
2. өт. Бир нерсени экинчи нерсеге салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). ..Жомокто айтылган бөз баштык кандай болсо, биздин чанач нак ошондой (Сыдыкбеков).
3. өт. Таңданууну, суктанууну билдирген учурларда колдонулат. Кандай ысык, кандай жакын өскөн жер! (Аалы).
♦ Алдакандайк.алдаII.Аркандай — ар түрдүү. Алтыбайдай калмакка Ар кандай кызмат кылгансың («Эр Табылды»). Эчкандай — эч бир, түк, кенедей да. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады (Аалы).
1. Нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин, жөнүн, абалын же башка белгилерин билүү үчүн берилүүчү суроо. Кандай бала болгонсуң? Кандай окуяга туш келер экенбиз? Элиңдин түрү кандай? (Турусбеков). Жаңы эжекемдин обону кандай чыгар экен? (Сыдыкбеков). 3. Бири-бирине окшоштуруу, жалпылыгы бар нерселерди өз ара салыштыруу иретинде колдонулат. Жомокто айтылган боз баштык кандай болсо, биздин чанач так ошондой (Сыдыкбеков). Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). 4. Бир нерсенин жөнүн, абалын, сапатын ж. б. өзгөчө белгилеп көрсөтүү (күчөтүү, ашкере жогорулатуу же төмөндөтүү) же ага суктангандыкты, таң калгандыкты билдирүү үчүн айтылат. Кандай ысык, кандай жакшы өскөн жер! (Токомбаев). Кандай мыкаачы адамдын колунан келди экен? – деп, балдар көгүчкөндүн абалына кейип жатышты («Жаш ленинчи»). Биз жашаган доор кандай шаттуу, кандай ыракат! («Ала-Тоо»). Кыял деген кандай жакшы (Сасыкбаев). 7. «Эч», «ар», «алда» деген сөздөр менен айкашып, тануу, жалпылоо, күдүк (белгисиздик) маанидеги ат атоочторду уюштурат. Айганыш эч кандай суроо берген жок (Байтемиров). Ар кандай кишилерди көрөсүң, ар кандай иштердин жөнүнө түшүнөсүң («Чалкан»). Алда кандай бир булут, Пайда болуп калганы («Манас»).
ат. Эмнегедир, эмне үчүндүр. Аттардын.. топ-топ болуп жайылышы.. кандайдыр бир сонун сыяктанат (Жантөшев). Ызакул кандайдыр бир иш менен сыртка чыгып кеткен экен (Бейшеналиев). Зарыл.. кандайдыр бир дүрбөлөңдүү окуя башталганын байкады (Сыдыкбеков).
Нерсенин жөнүн, кандай экендигин, канткендигин билүү үчүн берилүүчү суроо. Жолоочунун бул кандайча шылдыңы? (Осмонов). Силер биздин айылдагыларга кандайча туугандашып, кеткендигиңер жөнүндө уксак дейбиз («Чалкан»). Менин иштериме кандайча кызыгып калганың түшүнө албадым («Ала-Тоо»). Бул кандайча иш болуп калды? Мунун жөнүн билген киши барбы? Менин кандайча тиешем бар буга? («Чалкан»).
How do I (proper noun)
A page that presents a categorical view of select Help content that the user can browse. Depending on the edition, multiple How Do I pages might be available for use.
то же, чтокантала I; кандала чакса, бүргөгө ыйлап көрүшөрсүң погов. если (тебя) укусит клоп, то будешь почтительно (букв. с плачем) здороваться с блохой (т.е. после большой неприятности маленькая покажется удовольствием).
Жалтанбаган, коркпогон, таамай, түз сүйлөгөн. Тоголок Молдо кандан-бектен кайра тартпаган, акыйкатка ундөгөн, жакырларга жан тарткан акын (Бейшеналиев).
Жалтанбаган, коркпогон, таамай, түз сүйлөгөн. Тоголок Молдо кандан-бектен кайра тартпаган, акыйкатка үндөгөн, жакырларга жан тарткан акын (Бейшеналиев).
КАНДАРДЫН ЧАТАГЫ — «Манас» эпосунда айтылган алты кан кеңешип, кол курап Манасты чаап алмак болуп Таласка баргандагы окуя менен байланышкан. Чоң казат бөлүмүнүн киришүүсү катарында милдет аткарган салттык бул окуя эпостун көпчүлүк варианттарында бар жана туруктуу айтылат. К. «Манастын» сюжети.