Киргизско-русский словарь Юдахина
запах;
сары майдын жыты келип турат пахнет топлёным коровьим маслом;
атырдын жыты келип турат пахнет духами;
май жыты кылып чуть сдобрив жиром (пищу - для запаха);
жыты да жок и духу его нет;
жыт-жыбыр всякие запахи;
бир нерсени ыт-жыбыры билинеби? не пахнет ли чем-нибудь?
жыт ал- унюхать, учуять;
үч аркар, жыт алып, Тоотайды көрөт да, дыр коюп, ашып-шашып, алда нече кырды ашып жөнөйт три горных барана, учуяв, заметили Тоотая, в страхе шарахнулись и отправились, перейдя несколько перевалов;
жыт алыш-
1) совместно унюхать, учуять;
2) перен. снюхаться, узнать все проделки друг друга;
жыт алышкан куулар хитрецы, у которых общие секреты; одна шайка-лейка;
3) перен. жить в согласии, дружно;
айрылбай, жыт алышып, бир жүрөлү, болбосун кандуу согуш, кандуу заман стих. будем жить в согласии, не разлучаясь, пусть не будет кровавых войн, кровавых времён;
жыт сиңиш- сжиться;
жыт сиңишип, эрди-катын болуп, беш жыл бирге өмүр сүрүп келдик мы сжились, пять лет жили вместе супружеской жизнью;
апийимге жыт кылуу этн. воскурение, устраивавшееся в период сбора опиума (на опийном поле возжигали тряпку, обмоченную в жире);
аш-жыт то же, что аш I 3;
аш-жытына карабай, көр Көбөшкө тийди не дожидаясь поминок (по мужу), она вышла за кривого Кобеша;
жыты эле тууган киши седьмая вода на киселе.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыттоо, искөө сезимине жагымдуу же жагымсыз таасир этип, ошондой сезим аркылуу байкалуучу заттын өзгөчөлүк касиети. Ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Арчанын майда күкүмдөрү чатырап, жагымдуу чайыр жыты бурады (Абдукаримов). Өрттүн, ыштын, тердин жыты каңырсыйт (Сасыкбаев). Карымшак, сенин бозоңдун, Жытына келген жыгылган (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Мурун аркылуу демди ичке тартып, бир нерсенин жытын алуу. Гүлдү жыттап кармап турдуң кичине, Ойлодуң да, салдың китеп ичине (Нуркамал). Жыттасам моокум кандырат, Жыпардуу бүрүн ачканда (Тоголок Молдо).
2. Өөп, жытын алып эркелетүү. Саамайымдан сылап, жыттап кагылат, «Өтпөсүн » деп ысык күндүн аптабы (Осмонкул). Курсагы менен күлкүсү, Баланын жоктур -санаасы, Ата-энеси жыттаса, Анык чыгат капасы (Токтогул).
¨ Көчүгү жер жыттабоо — бир жерге тынч алып отурбоо, жаны тынбоо. Чаргын.. көчүгү жер жыттабай, өндүрүштө демилгелей берет (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. нюхать;
2. ласкать, целовать (при целовании, особенно ребёнка, одновременно производится вдох носом);
анын алкымынан шуу дегизе жыттап, чоп дегизип өптү она, приложившись к шее, с шумом потянула носом и звонко поцеловала;
тамагыңдан, балам-ай, такылдатып жыттайын фольк. я тебя, дитя моё, в шею (букв. в горло) крепко поцелую;
оң бетинен бир жыттап, сол бетинен бир жыттап фольк. в правую щёку (ребёнка) она раз поцеловала, в левую щёку раз поцеловала.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыт алуу органдары, сезими аркылуу бир нерсенин жытын алуу, жытын сезүү, искөө. Гүлдү жыттап кармап турдуң кичине (Нуркамал). Алымкул жалбыздан бир тутам жулуп алып жыттай баштады (Абдукаримов). 2. Эркелетүү, жакшы көрүү. Баланын жоктур санаасы. Ата-энеси жыттаса, Анык чыгат капасы (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жытта-
пахнуть, издавать запах; отдавать чем-л.;
куйкалаган шыйрак жыттанып турат пахнет потом;
жыпар жыттанат благоухает;
пыяз жыттанат пахнет лухом, отдаёт луком;
алтымыш батман буудай жеп, дан жыттанган чоң Жолой фольк. поедая (за один раз) шестьдесят батманов (см. батман) пшеницы, хлебом пахнет великан Джолой (см. жолой 2).

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от жытта-;
аттар жытташып, баштарын чайкашты лошади обнюхали друг друга и помотали головами;
мойнунан жытташып (о родственниках или близких друзьях-мужчинах после долгой разлуки) целовать друг друга в шею (см. жытта- 2);
мекиренип жытташ- целоваться, тихо и радостно покрякивая (см. мекирен- 1);
эки дос кайра жытташты, эриккенин чыгарып фольк. два друга опять поцеловались, разогнав тоску.

Киргизско-русский словарь Юдахина
имеющий запах, пахнущий, душистый;
алма жыттуу пахнущий яблоком;
атыр жыттуу или жыпар жыттуу благовонный, ароматичный;
жытчыл с хорошим чутьём, нюхом;
мурду жытчыл у него нюх хороший (чует, где готовится вкусная пища).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир жыты бар, кандайдыр бир жыт жыттанган. Сентябрь ай коон жыттуу сонун ай (Осмонов). Кечки салкын түшүп, адырдын шыбак жыттуу жели жүрдү (Сыдыкбеков). 2. Аңкыган, буруксуган, жакшы жыты бар. Жыттуу жашыл чөптөрдү, Чөмөлөлөп кетишет (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Үйрөнүп, көнүп калуу. Жытыккан менчик үйлөрүн сагынып калышкандай институттун ичин тайманбай аралашат (Бейшеналиев). Ополдойдон көчкөндө, Келип кондуң жериңе, Жытыгып калган башынан Жылас болгон көрүңө (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
привыкнуть (напр. к вещи, которой долго пользовался, или к дому, в котором долго жил);
жытыгып калсаң да, чеччи эски кастүмүңдү сними-ка ты старый костюм, хоть ты и привык к нему.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири-бирине берилип, абдан алынышып, өтө жакын болуп калуу, аралашып бир кишидей болуп кетүү. Күндөр өттү. Үй-бүлөнүн бири-бирине жыты сиңишти (Осмоналиев). Жашынан кол кармашып, бири-бирине жыты сиңишип калганда ажырашабыз деп ойлобосун (Ашымбаев). Аның чын дечи. Бала кезден бери жытыбыз сиңишип бүткөн (Кушубеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бири-бирине берилип, абдан алынышып, өтө жакын болуп калуу, аралашып бир кишидей болуп кетүү. Күндөрөттү. Үй-бүлөнүн бири-бирине жыты сиңишти (Осмоналиев). Жашынан кол кармашып, бири-бирине жыты сиңишип команда ажырашабыз деп ойлобосун (Ашымбаев). Аның чын дечи. Бала кезден бери жытыбыз сиңишип бүткөн (Кушубеков).