Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыттоо, искөө сезимине жагымдуу же жагымсыз таасир этип, ошондой сезим аркылуу байкалуучу заттын өзгөчөлүк касиети. Ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Арчанын майда күкүмдөрү чатырап, жагымдуу чайыр жыты бурады (Абдукаримов). Өрттүн, ыштын, тердин жыты каңырсыйт (Сасыкбаев). Карымшак, сенин бозоңдун, Жытына келген жыгылган (Токтогул).