Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир жыты бар, кандайдыр бир жыт жыттанган. Сентябрь ай коон жыттуу сонун ай (Осмонов). Кечки салкын түшүп, адырдын шыбак жыттуу жели жүрдү (Сыдыкбеков). 2. Аңкыган, буруксуган, жакшы жыты бар. Жыттуу жашыл чөптөрдү, Чөмөлөлөп кетишет (Токомбаев).