жытта
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Мурун аркылуу демди ичке тартып, бир нерсенин жытын алуу. Гүлдү жыттап кармап турдуң кичине, Ойлодуң да, салдың китеп ичине (Нуркамал). Жыттасам моокум кандырат, Жыпардуу бүрүн ачканда (Тоголок Молдо).
2. Өөп, жытын алып эркелетүү. Саамайымдан сылап, жыттап кагылат, «Өтпөсүн » деп ысык күндүн аптабы (Осмонкул). Курсагы менен күлкүсү, Баланын жоктур -санаасы, Ата-энеси жыттаса, Анык чыгат капасы (Токтогул).
¨ Көчүгү жер жыттабоо — бир жерге тынч алып отурбоо, жаны тынбоо. Чаргын.. көчүгү жер жыттабай, өндүрүштө демилгелей берет (Сыдыкбеков).