ЖЫТЫ СИҢИШҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бири-бирине берилип, абдан алынышып, өтө жакын болуп калуу, аралашып бир кишидей болуп кетүү. Күндөр өттү. Үй-бүлөнүн бири-бирине жыты сиңишти (Осмоналиев). Жашынан кол кармашып, бири-бирине жыты сиңишип калганда ажырашабыз деп ойлобосун (Ашымбаев). Аның чын дечи. Бала кезден бери жытыбыз сиңишип бүткөн (Кушубеков).