Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир кишинин же көпчүлүктүн кандайдыр бир максат менен аткарган иши, эмгеги, кызматы; иштөө процесси. Элдияр кайда болду экен, Эмне жумуш кылды экен («Эр Табылды»). Көрктөнөт киши жумуштан, Элине кызмат кылыштан (Шүкүрбеков). Жумуш күнү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айрым адамдын же көпчүлүктүн кандайдыр бир максат менен күч эмгегин жана акыл эмгегин жумшоо аркылуу аткарган иши, эмгектенүү процесси. Көрктөнөт киши жумуштан, Элине эмгек кылыштан (Шүкүрбеков). Татыбек талаа жумушуна кеткен (Байтемиров). 2. Энергиянын бир түрүнөн экинчи бир түрүнө айланышынан, механизмдердин кыймылынан аткарылган иш. 3. Кандайдыр бир маселе боюнча бирөөгө кайрыла турган, ага айтыла турган иш, сүйлөшө турган сөз, кеңеш. Амантур атайы келген жумушун акырындап айта берүүгө өттү (Убукеев). Жок, ушул жерден эле кетем, сизде бир аз жумушум бар (Шүкүрбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде йумуш сөзү «кызмат, тапшырма» маанисин берген (ДТС, 280). Бул сөз байыркы түркчө ыд//ыт «жиберүү» этишине -муш мүчөсү жалгануудан келип чыккан. Алгачкы ыд//ыт// ыз уңгусу азыркы кыргызча ий (Мисалы: берип ий) болуп өзгөргөн. Ошол сөзгө -муш мүчөсү жалганганда иймиш-->уймуш-->йумуш болуп өзгөргөн. Анткени жумуш байыркы кезде элчиликке жиберүү менен да байланыштуу болгон. Кийин бул мааниси өзгөрүлүп, иш сөзүнүн маанисине жакындай баштаган. Бирок азыркы кезде деле жумуш сөзүндө «бирөөнүн тапшырмасы боюнча аткарыла турган иш» мааниси сезилип турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮ – кызматчы менен эмгек мамилесин түзгөн жеке, же болбосо юридикалык жак (уюм). Ж. б. кызматчыга эмгек акысын төлөп берүүгө жана мыйзамдарда, жамааттык келишимдерде же тараптардын макулдашууларында каралган эмгек шарттары менен камсыз кылууга милдеттүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ӨКҮЛДӨРҮ – юридикалык жактын уюштуруу документтерине ылайык уюмдардын жетекчилери же башка ыйгарым укуктуу жактар, ошондой эле ыйгарым укуктуу жактар же болбосо жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин (ассоциацияларынын) органдары.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
work or school account (noun)
A user account and associated credentials that is used to access Microsoft’s and 3rd parties’ business services, such as Office 365. Work or school accounts are usually assigned to end users by their organization (work, school, non-profit) and managed by the admin. However, some business services like Yammer support work or school accounts that were created by end users, without IT involvement. We sometimes refer to these accounts as “viral” AAD accounts but we don’t use this term externally. Work or school accounts are stored in Azure Active Directory (AAD) and managed by Microsoft on behalf of the organization. One of the key difference with a Microsoft account is that users don’t own the account and will typically loose access to it if they leave the organization. Other aspects like password policies are imposed by admins.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШКА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ – эмгек укугунда мыйзамсыз бошотулган же башка жумушка которулгандарды өз жумуш ордуна кайра коюу. Ал эмгек талаш-тартышын карай турган органдар тарабынан жүргүзүлөт. Уюм жумуш ордуна кайра жайгашкан адамдын аргасыз ишке чыкпаган күндөрү үчүн орточо эмгек акысын төлөп берет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштөөгө, аткарууга жумуш жок, иш жок. Жардамга келгендер жумушсуз отуруп калышпасын. 2. Иштеп күн көрүү, жашоо кызматынан, иштеп жаткан жумушчу ордунан ажыраган, иштей турган иши, жумушу жок бош калган адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШСУЗГА БАЗАЛЫК ЖӨЛӨКПУЛ – жумушсузга жөлөкпулдун эң төмөнкү өлчөмү КР Социалдык фондусунун келерки жылга жумшала турган каражатын бекитүү учурунда КР ЖК тарабынан белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШСУЗДАР – эмгекке жарамдуу курактарында (аялдар 58, эркектер 63 жашка чейин) КР аймагында туруктуу жашаган, жумуштары жок, жеке ишкердик менен алектенишпеген, окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндө окушпаган, аскер кызматын өтөп жатпаган жана мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодон өткөн эмгекке жарамдуу жарандар жумушсуздар болуп эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ишсиз, жумушсуз калгандык, иштеп жашоо каражаттарын табуу мүмкүндүгү жоктук, жумушсуздардын абалы. Жумушсуздук күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жумушсуздуктун айынан кылмыштуулук да жылдан-жылга өсүүдө («Кыргыз туусу»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШСУЗДУК БОЮНЧА ЖӨЛӨКПУЛ – мамлекет тарабынан кепилденген, ырасмий катталган жумушсуз жарандарга КР калкты жумуш менен камсыз кылууга жана окутууга көмөктөшүү фондунан убактылуу көрсөтүлүүчү материалдык жардам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШТАН БОШОТУУ – мыйзамда каралган негиздер боюнча эмгек келишимин токтотуу. Ал кызматкердин демилгеси боюнча, администрациянын (жумуш берүүчүнүн) демилгеси боюнча, башка мыйзамдык негиздер боюнча ж. б. болуп бөлүнөт. КР эмгек укугу боюнча – тартипке чакыруунун эң катуу түрү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШ УБАКТЫСЫ – кызматчы ички эмгек тартибинин эрежелерине же иш нөөмөтүнө, болбосо эмгек келишиминин шарттарына ылайык, өзүнүн эмгектик милдеттенмелерин аткара турган убакыт аралыгы. Ж. у. күндарек апта (жумуш аптасы) же сутка (жумуш күнү, кезмет, нөөмөт) аралыгынын узактык ченин белгилөө жолу аркылуу ченемдештирилет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
рабочий;
жумушчу аял работница;
жумушчулар жана жумушчу аялдар рабочие и работницы;
тоо жумушчусу горнорабочий;
эл чарба жумушчусу сельскохозяйственный рабочий;
жумушчу күч рабочая сила;
жумушчулар кыймылы рабочее движение.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. а) Социалисттик коомдо: өндүрүштө белгилүү кесипчилик боюнча эмгектенип, жумушчулар табына кире турган, мамлекеттин жетекчи күчү болуп саналган жана өндүрүш каражаттарынын жалпы элдик менчигине ээ болгон эмгекчи массанын өкүлү.
б) Капиталисттик коомдо: өндүрүш каражаттарына жана куралдарына ээлик кыла албаган, өзүнүн жумушчу күчүн сатып жан багууга аргасыз болгон жалданма ишчи; пролетариат.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
work account (noun)