сын. Жумушу жок, кызматсыз, ишсиз.
1. Иштөөгө, аткарууга жумуш жок, иш жок. Жардамга келгендер жумушсуз отуруп калышпасын. 2. Иштеп күн көрүү, жашоо кызматынан, иштеп жаткан жумушчу ордунан ажыраган, иштей турган иши, жумушу жок бош калган адам.
ЖУМУШСУЗГА БАЗАЛЫК ЖӨЛӨКПУЛ – жумушсузга жөлөкпулдун эң төмөнкү өлчөмү КР Социалдык фондусунун келерки жылга жумшала турган каражатын бекитүү учурунда КР ЖК тарабынан белгиленет.
ЖУМУШСУЗДАР – эмгекке жарамдуу курактарында (аялдар 58, эркектер 63 жашка чейин) КР аймагында туруктуу жашаган, жумуштары жок, жеке ишкердик менен алектенишпеген, окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндө окушпаган, аскер кызматын өтөп жатпаган жана мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодон өткөн эмгекке жарамдуу жарандар жумушсуздар болуп эсептелет.
зат. Иштөөгө иш болбогондук, жашоо каражаттарын табууга мүмкүндүк жоктук, жумушсуздардын абалы.
жумушсуздук, жумушсуздугу, жумушсуздукка
жумушсуздук деңгээли
жумушсуздук жөлөк
пулу
жумушсуздук түзүмү
жумушсуздук ченеми
жумушсуздук чыгымдары
жумушсуздукту социалдык коргоо
Ишсиз, жумушсуз калгандык, иштеп жашоо каражаттарын табуу мүмкүндүгү жоктук, жумушсуздардын абалы. Жумушсуздук күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жумушсуздуктун айынан кылмыштуулук да жылдан-жылга өсүүдө («Кыргыз туусу»).
ЖУМУШСУЗДУК БОЮНЧА ЖӨЛӨКПУЛ – мамлекет тарабынан кепилденген, ырасмий катталган жумушсуз жарандарга КР калкты жумуш менен камсыз кылууга жана окутууга көмөктөшүү фондунан убактылуу көрсөтүлүүчү материалдык жардам.
социальная защита безработицы