Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштөөгө, аткарууга жумуш жок, иш жок. Жардамга келгендер жумушсуз отуруп калышпасын. 2. Иштеп күн көрүү, жашоо кызматынан, иштеп жаткан жумушчу ордунан ажыраган, иштей турган иши, жумушу жок бош калган адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШСУЗГА БАЗАЛЫК ЖӨЛӨКПУЛ – жумушсузга жөлөкпулдун эң төмөнкү өлчөмү КР Социалдык фондусунун келерки жылга жумшала турган каражатын бекитүү учурунда КР ЖК тарабынан белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШСУЗДАР – эмгекке жарамдуу курактарында (аялдар 58, эркектер 63 жашка чейин) КР аймагында туруктуу жашаган, жумуштары жок, жеке ишкердик менен алектенишпеген, окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндө окушпаган, аскер кызматын өтөп жатпаган жана мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодон өткөн эмгекке жарамдуу жарандар жумушсуздар болуп эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ишсиз, жумушсуз калгандык, иштеп жашоо каражаттарын табуу мүмкүндүгү жоктук, жумушсуздардын абалы. Жумушсуздук күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жумушсуздуктун айынан кылмыштуулук да жылдан-жылга өсүүдө («Кыргыз туусу»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШСУЗДУК БОЮНЧА ЖӨЛӨКПУЛ – мамлекет тарабынан кепилденген, ырасмий катталган жумушсуз жарандарга КР калкты жумуш менен камсыз кылууга жана окутууга көмөктөшүү фондунан убактылуу көрсөтүлүүчү материалдык жардам.