Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айрым адамдын же көпчүлүктүн кандайдыр бир максат менен күч эмгегин жана акыл эмгегин жумшоо аркылуу аткарган иши, эмгектенүү процесси. Көрктөнөт киши жумуштан, Элине эмгек кылыштан (Шүкүрбеков). Татыбек талаа жумушуна кеткен (Байтемиров). 2. Энергиянын бир түрүнөн экинчи бир түрүнө айланышынан, механизмдердин кыймылынан аткарылган иш. 3. Кандайдыр бир маселе боюнча бирөөгө кайрыла турган, ага айтыла турган иш, сүйлөшө турган сөз, кеңеш. Амантур атайы келген жумушун акырындап айта берүүгө өттү (Убукеев). Жок, ушул жерден эле кетем, сизде бир аз жумушум бар (Шүкүрбеков).