Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде йумуш сөзү «кызмат, тапшырма» маанисин берген (ДТС, 280). Бул сөз байыркы түркчө ыд//ыт «жиберүү» этишине -муш мүчөсү жалгануудан келип чыккан. Алгачкы ыд//ыт// ыз уңгусу азыркы кыргызча ий (Мисалы: берип ий) болуп өзгөргөн. Ошол сөзгө -муш мүчөсү жалганганда иймиш-->уймуш-->йумуш болуп өзгөргөн. Анткени жумуш байыркы кезде элчиликке жиберүү менен да байланыштуу болгон. Кийин бул мааниси өзгөрүлүп, иш сөзүнүн маанисине жакындай баштаган. Бирок азыркы кезде деле жумуш сөзүндө «бирөөнүн тапшырмасы боюнча аткарыла турган иш» мааниси сезилип турат.