Жумушка калыбына келтирүү
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖУМУШКА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ – эмгек укугунда мыйзамсыз бошотулган же башка жумушка которулгандарды өз жумуш ордуна кайра коюу. Ал эмгек талаш-тартышын карай турган органдар тарабынан жүргүзүлөт. Уюм жумуш ордуна кайра жайгашкан адамдын аргасыз ишке чыкпаган күндөрү үчүн орточо эмгек акысын төлөп берет.