Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. каалга, эргилчек)
1. занавеска (из войлока или циновки), заменяющая дверь юрты;
эшик чий дверное полотнище из чия (см. чий I);
эшик тыш кошма, с наружной стороны покрывающая эшик чий;
эшиктин моюну верхняя узкая часть дверного полотнища (начало его верхней узкой части);
энесин көрүп, кызын ал, эшигин көрүп, төрүнө өт погов. посмотри на мать, (а потом) бери (в жёны) её дочь, посмотри на дверь, (а потом) занимай төр (см.);
эшик сал- навешивать дверь;
эшик түр- свернуть дверь юрты рулоном, подтянув к верху косяка (когда нужно держать дверь открытой);
эшик тарт-
1) отворять дверь;
эликтей болуп түйүлүп, эшик тартты баатырга фольк. сжавшись, будто косуля, (жена) открыла дверь богатырю;
жаманга эшик тартканча жаакка беш тарт погов. чем открыть дверь дурному, лучше дать ему пять оплеух;
2) перен. выходить из дома, юрты; уходить;
кымызга бата айтышып, олтургандар эшик тартышты поблагодарив за кумыс, сидевшие ушли;
эшик тарткыла выходите, уходите;
2. дверь (общее название);
эшик ач открой дверь;
эшик жап закрой дверь;
эшик ачык
1) дверь открыта;
2) вход свободный (без билетов и т.п.);
3. (южн. также эшик-элик) место перед домом, перед юртой; двор;
эшикте вне, снаружи (дома, юрты, на дворе);
эшикте кал-
1) остаться снаружи, за дверью;
2) перен. оказаться не в почёте, лишиться почёта;
ат сылаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас погов. кто коня гладит (т.е. хорошо ухаживает за конём), тот пешим не останется; кто молодца уважает, тот почёта не лишится;
эшикке жат-ложиться спать снаружи (не в комнате, не в юрте);
жайкы коноктун жаманы үйгө жатат деген, эшикке салыңыз сказано, что плохой летний гость ложится в юрте, (а) нам постелите снаружи;
эшиктен снаружи (со двора и т.п.);
эшиктен отун кертип келди он нарубил дров снаружи;
эшик-эликти тазала южн. почисти двор;
эшикке чык- или эшке чык-
1) выйти из дома, из юрты;
2) выйти "до ветру";
түндө эшикке чыга албас, сен коркок Кыяз экенсиң фольк. ты, оказывается, трусливый Кыяз, который боится (букв. не может) ночью выйти "до ветру";
киши эшигинде в работе по найму; в услужении у кого-л., в людях;
киши эшигинде күн өткөн кедей бедняк, живущий в услужении;
кирбеген эшиги, чыкпаган тешиги жок балакет этот проныра везде во все дырки пролезет;
эшик жырт- обивать пороги (букв. рвать дверь; см. эшик 1);
эшик-төр дом, юрта (их внутренняя часть);
эшик-төрүн көрөлөкмүн я его дома не видел; я у него в доме не был;
эшик-төрүбүздү көрүшөлү, анан ийри отуруп, түз кеңешели давайте пойдём к нам в дом, а потом сядем рядком да поговорим ладком;
эшик-төрдөй см. төр;
эшик төрдөй ай балта фольк. секира с длинной-длинной рукояткой;
алдына эшик төрдөй ак боз ат минген он сел на огромного белого коня;
эшик ачып, бешик түрткөн (о жене) ушедшая от мужа, разведённая (букв. открыв дверь, толкнувшая детскую колыбель);
эшик басар южн. этн. свадебный обычай: после свадебного пира молодых выводят наружу; родственницы молодой тянут молодого то туда, то сюда через порог; он откупается;
ак эшик (ср. эшикчи) ист. телохранитель у высокого должностного лица;
эшик ага
1) ист. один из должностных чинов в среднеазиатских ханствах;
2) участник жоро (см. жоро I), на обязанности которого лежит не впускать посторонних без разрешения жоро башы;
эшик беги то же, что көлбөгү.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде эшү этиши «жап» маанисин берип, ага зат атооч жасоочу -к мүчөсү уланганда, эшүк «жабуу» сөзү келип чыккан (ДТС, 186). Мына ушул эшүк сөзүнүн ү тыбышы и тыбышына өзгөрүүдөн эшик сөзү жаралышы мүмкүн. Анткени эшик үйдүн ачылып-жабылып тура турган бөлүгү болот. Ошол өзгөчөлүгүн байыркы түрктөр «жап» маанисиндеги эшү сөзүнүн жардамы менен жасалган. Эшик сөзүнүн «тыш, сырт» мааниси кийин жаралганы дешке болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйдүн, короонун ж. б. кирүү, чыгуу үчүн ачык калтырылган жери жана анын каалгасы. Эшикти ачты бир келин, Эңкейип кирди Сыргажан (Бөкөнбаев). 2 Үйдүн сырты, айлана-тегереги. Эшикте шамал басылып калыптыр (Сасыкбаев). 3. өт. Жол, мүмкүндүк. Билим – дүйнөлүк маданиятка татыктуу кожоюн катары ишенимдүү аралашууга ачылган чоң эшик. Ошондон кийин мага бакыттын эшиги ачылгандай болду («Эркин Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Хан ордосунда хандын кабыл алуу иштерин тейлеп туруучу кызматкер. Апсаңдап айбат көргөзүп тил кайрыган төө Мамбетти элпек эшик ага кызматкерине айлантты (Бейшеналиев). Эшик агадан «ичке кирүүчүлөр бүттү» деген кабар Сооронбайга жетти (Бейшеналиев). 2. Жородо сырттан киши кийирбей, эшик кайтарып туруучу адам. Эшик ага болгон адамды төрдө отургандар тамашалап жатышты (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Хан ордосунда хандын кабыл алуу иштерин тейлеп туруучу кызматкер. Апсаңдап айбат көргөзүп тил кайрыган төрө Мамбетти элпек эшик ага кызматкерине айлантты (Бейшеналиев). Эшик агадан «ичке кирүүчүлөр бүттү» деген кабар Сооронбайга жетти (Бейшеналиев). 2. Жородо сырттан киши кийирбей, эшик кайтарып туруучу адам. Эшик ага болгон адамды төрдө отургандар тамашалап жатышты (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тынымсыз келе берүү, тындырбоо, кайра-кайра кирип-чыга берип тажатуу. Түн жамынып эшик жырткан жарамазанчы болуптур дедирип элге-журтка кеп кылмаксың го (Осмоналиев). В.: Эшик тындырбоо. Үйгө кимдир бирөөлөр эшик тындырбай келүүчү болду (Жусупов). Эшик тындырбаган кардарлардын ичинен кантип эле анчалык эстүү бирөө табылбасын (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тынымсыз келе берүү, тындырбоо, кайра-кайра кирип-чыга берип тажатуу. Анан Сейдалиева, бухгалтер Хаитбаев Абдусаламдын эшигин жырта баштады («Чалкан»). Түн жамынып эшик жырткан жарамазанчы болуптур дедирип, элге-журтка кеп кылмаксың го (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
эшик чийдин сыртынан каланган кийиз. Адатта, эшиктин баш босогого чейинки сырты ак кийиз менен жабылат. Анын үч тарабынын, эки жагынын жана аягынын жазылыгы 15—18—20—22 см келген жерине түрдүү түстөгү көркөмдүк түшөт. Ага баркут, манат өңдүү баалуу кездемелерди кармагандар бар. Эшик тышка көбүнчө «мүйүз», «кыял», «бадам» өңдүү оюмдар түшөт да, көбүнчө кызыл, кара өңдө берилет. Ал жээк катары аламычталып коюлушу мүмкүн. Анын ордуна кара кийиз эле жээктелген эшик тыштар да болот. Эшик тыштын башына сызмаданбы же эшилген жиптенби боо тагылат. Ал эми мунун кырчоого байлана турган эки четки ичке боосу эшме болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: ак эшикчи (ср. ак эшик, см. эшик) ист. исполнитель поручений должностного лица местной администрации;
ак эшикчи келе жатат дегенде кедейлер, дыйкандар, чарбалар бөрүдөн кой үрккөндөй качышкан когда говорили, что едет ак эшикчи, то бедняки, крестьяне, скотоводы убегали, как овцы от волка.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
боз үйгө кирип-чыгууда эшиктин элпек
      жабылышы үчүн жылкынын жазы көгү менен токулган чий. Боз үйдүн бир бөлүгү. Түшүүчү көркөм көчөттөр анча ала чакмактанбай, буюмдун четки ийреги кийизге беттей тигилет да, мында негизи кызыл-көк, кара-кызыл, кара сары, кара-ак сыяктуу эки өң гана жупташат. «Мүйүз оюму», «такта оюм», «шайы оюм» өңдөнгөн көчөттөр эшик чий үчүн өтө мүнөздүү көрүнүп, чийдин төптөшүп, жакшынакай чырмалып токулган кайчы көктөлгөн көктөрдүн, «ууктун жана жел боонун» алдынан көрүнүп турат. Мунун көркөм көчөттөрүнүн четине түшкөн «ала мончоктору», «араа тиш», «тумарча» кейиптенет. Ачып-жабууда абдан бышык болушу үчүн аны согууда атайын жылкынын жазы көгү колдонулат да, буга деле чыгдан (ашкана) жана канат чийге таандык көркөм көчөттөр түшүрүлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ири дин кызматкерлеринин, же башка белгилүү адамдардын кол астында, короо-сарайында жүрүп, ошолорду мактап ырдаган же ар кандай айтыштарда өз ээсинин таламын талашкан, шайлоолордо элди өз кишиси тарапка үгүттөгөн ырчылар.