ЭШИК ЖЫРТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Тынымсыз келе берүү, тындырбоо, кайра-кайра кирип-чыга берип тажатуу. Анан Сейдалиева, бухгалтер Хаитбаев Абдусаламдын эшигин жырта баштады («Чалкан»). Түн жамынып эшик жырткан жарамазанчы болуптур дедирип, элге-журтка кеп кылмаксың го (Осмоналиев).