ЭШИК ЖЫРТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Тынымсыз келе берүү, тындырбоо, кайра-кайра кирип-чыга берип тажатуу. Түн жамынып эшик жырткан жарамазанчы болуптур дедирип элге-журтка кеп кылмаксың го (Осмоналиев). В.: Эшик тындырбоо. Үйгө кимдир бирөөлөр эшик тындырбай келүүчү болду (Жусупов). Эшик тындырбаган кардарлардын ичинен кантип эле анчалык эстүү бирөө табылбасын (Бейшеналиев).