Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Хан ордосунда хандын кабыл алуу иштерин тейлеп туруучу кызматкер. Апсаңдап айбат көргөзүп тил кайрыган төрө Мамбетти элпек эшик ага кызматкерине айлантты (Бейшеналиев). Эшик агадан «ичке кирүүчүлөр бүттү» деген кабар Сооронбайга жетти (Бейшеналиев). 2. Жородо сырттан киши кийирбей, эшик кайтарып туруучу адам. Эшик ага болгон адамды төрдө отургандар тамашалап жатышты (Осмоналиев).