ЭШИК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Үйдүн, короонун ж. б. кирүү, чыгуу үчүн ачык калтырылган жери жана анын каалгасы. Эшикти ачты бир келин, Эңкейип кирди Сыргажан (Бөкөнбаев). 2 Үйдүн сырты, айлана-тегереги. Эшикте шамал басылып калыптыр (Сасыкбаев). 3. өт. Жол, мүмкүндүк. Билим – дүйнөлүк маданиятка татыктуу кожоюн катары ишенимдүү аралашууга ачылган чоң эшик. Ошондон кийин мага бакыттын эшиги ачылгандай болду («Эркин Тоо»).